Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:38

2-февраль: Тарых барактары


2003-жылдын 2-февралында өлкө Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөн.
2003-жылдын 2-февралында өлкө Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөн.

Кыргыз областтык Илим комиссиясы 1926-жылдын 2-февралында кеңсе кызматкерлери үчүн кыргыз тилин окутуу программасынын долбоорун иштеп чыккан. Кыргызстандын Конституциясына кезектеги түзөтүү киргизиш үчүн жасалган референдум 2003-жылдын 2-февралында өткөрүлгөн. Батый баштаган монголдордун колу 1238-жылдын 2-февралында Москваны басып алып, шаарды талкалаган.

Кыргыз областтык Илим комиссиясы 1926-жылдын 2-февралында кеңсе кызматкерлери үчүн кыргыз тилин окутуу программасынын долбоорун иштеп чыккан. Долбоорго ылайык, Пишпек шаарында кыргыз тилин окутуу үчүн даярдык курсун ачуу жана окутуучулардын курамын куруу сыяктуу маселелер каралган.

Кыргызстандын Конституциясына кезектеги түзөтүү киргизиш үчүн жасалган референдум 2003-жылдын 2-февралында өткөрүлгөн. Элдик добуш берүүгө «Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу жана мамлекет башчысынын кызмат мөөнөтүн конституциялык нормага ылайык улантуу» туурасында суроолор коюлган.

Борбордук шайлоо комиссиясы тараткан маалыматка ылайык, референдумга жалпы шайлоочунун 87% катышып, анын 77% Конституциянын жаңы редакциянын кабыл алынышына жана президент Аскар Акаевдин 2005-жылдын декабрь айына чейин мамлекет башында калышына шайлоочулардын 79% макул экендигин билдиришкен.

Кыргызстан аксакалдар сотунун кезектеги жыйыны 2005-жылдын 2-февраль күнү Бишкек шаарында өткөрүлгөн. Жыйын ишине катышкан президент Аскар Акаев, чет жердик тажрыйбаны экспорттогусу келет деп оппозицияны айыптап, алардын мамлекеттин саясий, социалдык стабилдүүлүгүн бузууга жасаган аракетине каршы туруш максатында коопсуздукту сактоо милдетти Аксакалдар сотуна жүктөгөн.

Батый баштаган монголдордун колу 1238-жылдын 2-февралында Москваны басып алып, шаарды бүлүндүрүп мал-мүлктү талоонго алган.
Советтик аскерлер немецтик фашисттерди 1943-жылдын 2-февралында Сталинград кашындагы салгылашта талкалаган. Сталинград салгылашы Улуу Ата Мекендик согуштун чечүүчү жеңиши катары саналат жана ага кыргызстандык жоокерлер да өз салымын кошкон.

Америкалыктар 1887-жылдан тарта бул күнгө чейин 2-февралды Суурдун күнү катары белгилеп келишет. Элдик ишенимге ылайык, чээнде жаткан суур бул күнү уясынан чыгып, өзүнүн көлөкөсүн көрүп кайра уясына кире качса, анда кыш туптуура дагы 6 жума бою өз акысын бербейт имиш. Эгер көлөкө жок болсо, анда жаз келип суур өз ишин башташ керек. Элдик ишенимге жадеп ынанган америкалыктар жылдын бул убагында чээнде жаткан суурдун уйкусун бузуп, күчтөп сыртка чыгарууну али да улантып келишет.

СССР Элдик комиссарлар Кеңеши 1918-жылдын 2-февралында «Чиркөөнү мамлекет жана мектептерден айруу туурасында» Декрет кабыл алган. Ошентип Орус Православ Чиркөөсү юридикалык жана граждандык укуктарынан айрылган.

СССР Мамлекеттик фильмфонду 1937-жылдын 2-февралында уюшулган.

Адам нервин трансплатациялоо боюнча жасалган биринчи операция 1970-жылдын 2-февраль күнү Германиянын Мюнхен шаарында ийгиликтүү жүзөгө ашырылган.

Граждандык согуштун каарманы, Кызыл Армияны куруучулардын бири - Михаил Васильевич Фрунзе 1885-жылдын 2-февралында Пишпек шаарында жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG