Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

Б.Бешимов: Үч жылга түзүлгөн документти стратегия деген туура эмес


Учурда ЖК фракцияларында Кыргызстандын өнүгүшүнүн 2009-2011-жылдары үчүн стратегиясынын долбоору талкууланууда. СДП фракциясы аны жума күнү талкуулап, кошумча иштөө сунушун берди. Аталган фракциянын башчысы Бакыт Бешимов бул долбоор тууралуу “Азаттыктын” түз обосунда ой бөлүштү

- Өкмөт сунуштаган үч жылдык стратегия долбоору фракцияны муюта алдыбы, анын алгылыктуу жактарын айта аласызбы?

- Жок. Анткени биринчиден, бюджет үч жылга бекитилди. Эми болсо стратегия деп бир документти алып келишти. Биз башкача ойлодук эле, биринчи стратегияны, программаны бекитип туруп, андан кийин бюджетти бекитсек деп. Анткени бир нерсени ишке ашырыш үчүн ага тиешелүү каражат керек. Экинчиден бул документти үч жылга түзүп туруп, аны стратегия деп атат. Бул туура эмес. Мисалы, 10-15-20 жылга түзгөн документти стратегия десе болот. Мисалы Казакстанды алсак 20-30 деген стратегиясы бар, Орусиянын болсо 20-20 деген. Ошондой эле көп мамлекеттерди карасаңар, 25-50 жылга аткара турган нерсени стратегия дейт. Ал эми биздики болсо 3 жылга эле стратегия деп атышат. Биз андай ишке кошулбайбыз. Ошондуктан айттык, 3 жылга программа деп алып келгиле, стратегия деп эч болбогондо 20 жылга өзүңөрдүн көз карашыңарды чагылдырып, анан алып келсеңер деп. Андан тышкары 3 жылга 8,2 млрд. доллар керек экен аны ишке ашырыш үчүн.

- Ошонун 600 миллиону донорлордон, эл аралык институттардан келет турбайбы, калгандары кайдан табылат?

- Жок, кеп анда эмес. Жылда 8 миллиард болгондон кийин, жылда бюджеттен 1,6 млрд. доллар каралыш керек. Ал эми биздин бюджеттин көлөмү азыркы учурда 1 млрд. 200 миллиондой болуп атпайбы. Ушул жылы бюджеттен жогорудагы акча бөлүнүш керек, биз ошону сурадык, бул акчаны кайдан табасыңар деп. Асмандан түшкөнсүп аны түшүндүрүп атпайбы. Андан тышкары биздин ишкерлерден эле жылда 800 млн. доллар түшүш керек. Азыр көрүп турбайсызбы, жумушсуздук болуп атат, кризис, кичи, чоң ишканалар жабылып атат. Мына Кант цемент шифер комбинаты таптакыр токтоду. Кайдан акча түшсүн? Ошондуктан каражат булактары жок болгондон кийин, же азайып кеткенден кийин аны ишке ашырыш өтө кыйын.

- Бул сиздердин демилге, сунуштар болуп атат. Кагаз жүзүндө бересиздерди бул сунушту?

- Албетте, биздин өзүбүздүн иштелип чыккан моделибиз, концепциябыз бар. Аны биз жалпы бет ачаар кылып туруп элге сөзсүз тартуулайбыз. Андан кийин кандай чечилет көрөбүз. Андай концепцияны биз бийликке келгенде гана ишке ашырсак болот.

- Сиздердин модель дейбизби, сунуштарыңыздар угулабы, өкмөт аны кабыл алабы? Жок дегенде кандайдыр бир деңгээлде эсепке алаарына сиздердин ишеним барбы, парламенттеги оппозициялык фракция катары?

- Менимче жок. Анткени саясий жагынан дагы ошол алар алып келген документте жазылып турат, стратегиясын ишке ашырыш үчүн Кыргызстанда толук кандуу демократия болуш керек деп. Оппозициядан дагы ашып кетти булар демократия жөнүндө сөз жүгүрткөндө. Ошондуктан кайдан толук кандуу болот, куугунтуктар болуп атса, сөз эркиндигине басым жасалып атса, кайдагы демократия. Тилекке каршы, жакшы кабыл албай атат азыр. Ал түшүнүктүү эле, анткени өз билемдик саясат жүргүзүлүп жатпайбы.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG