Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Ооганстан менен Пакистан аймактык кызматташтыкка басым жасайт


Пакистандын премьер-министри Юсаф Раза Жилани
Пакистандын премьер-министри Юсаф Раза Жилани

Түштүк Азияда экстремизмден айрыкча жапа чеккен Ооганстан менен Пакистандын бул көйгөй менен күрөшкө карата көз караштары анчейин шайкеш келбейт. Бирок барган сайын алардын позициясы улам жакындап барат.

29-январда Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда Пакистан жана Ооган өкүлдөрү өз өлкөлөрүндө эл аралык кызматташтыкка жана өнүктүрүү иштерине басым жасалса, дүйнөлүк тынчтыкка да огожо болмок экендигин бир ооздон белгилешти.

Швецариянын Давос кышкы курортундагы Дүйнөлүк форумда бейшемби күнү Пакистандын өкмөт башчысы Юсаф Раза Жилани сөз алды. Ал Ооган-Пакистан чек арасындагы стабилдүүлүктү бекемдөө бүт дүйнөнүн кызыкчылыгында экендигин Пакистан бийликтери жакшы түшүнөт деп ырастады.

Өкмөт башчысынын айтымында, бул жаатта Пакистан үч нерсеге: диалогго, өнүктүрүүгө жана согуштук чараларга басым жасаарын мындайча белгиледи:

- Биринчиден диалог. Диалог дегенде биз согушкер эмес күчтөр менен саясий алаканы түшүнөбүз. Терроризмди четке каккан, куралын таштагандар менен диалог керек. Экинчи маселе - бул өнүктүрүү. Бул - түпнегиз маселе, анткени, терроризмдин башкы себеби - жакырлык, караңгылык, жумушсуздук жана өнүгүүнүн жоктугу. Үчүнчүдөн, эгер бийлик ыйгарымына кимдир бирөө шек келтирсе, биз аларга каршы согуштук аракет көрүшүбүз зарыл.

Жилани буга чейин АКШ бийликтерин Ооган-Пакистан чек арасында Кайра куруу тилкесин түзүүнү тездетүүгө чакырган эле. Өнөр-жай жана соода тармактарына негизделген бул тилкелер мында жашаган жакыр пуштун урууларынын экономикасын олуттуу жакшыртат деп күтүлүүдө.

Ошол эле убакта Пакистандын өкмөт башчысы бул аймактагы талибдер менен ал-Каиданын баш калканч жайлары деп саналган жерлерди АКШ армиясынын бомбалоонун "пайдасынан зыяны көп" экендигин белгиледи. "Ичинде кишиси жок автомат-учактардын чек арадан өтүп келип бомбалашы урууларды согушкерлерден алыстатпастан, тескерисинче аларды бир-бирине жакындатып жатат", - деп эскертти Жилани.

Жыйында Ооганстандын коргонуу министри Абдул Рахим Вардак да чыгып сүйлөп, айрыкча былтыр зордук-зомбулук күч алып, кайра куруу аракеттери аксаганын эскертти. Вардак талибдердин күчөшүнө кырдаалдын тынчыбаганы жагымдуу шарт түзүп жаткандыгын белгилеп, ошол эле мезгилде азыр жалаң куралдын күчүнө таянган болбойт деген ишенимин билдирди.

Пакистан менен Ооганстанга арачы түшүп келаткан Түркиянын тышкы иштер министри Али Бабажан өз кезегинде тынчтык аракеттерине Пакистандын коңшусу Индияны да тартып, жалпы эле эл аралык коомчулуктун жардамын күч алдырууга чакырды:

- Эл аралык коомчулуктун бардык мүчөлөрү колубуздан келген жардамыбызды аябасак. Ошондой эле Пакистандын Индия менен мамилесинин туура багытта өнүгүшүн кепилдешибиз зарыл

Министрдин пикиринде, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөштө тирешүү эмес, кызматташттык жана боордоштук чечүүчү мааниге ээ.

Ушул эле күнү Ооганстандын коргоо министри Вардак СиЭнЭнге интервью берип, оогандар кезегинде советтик армияны да жеңүүгө боло тургандыгын далилдеш үчүн кан төккөнүн, азыр эми экономикалык көмөккө, өлкөнүн кыйраган инфраструктурасын калыбына келтирүү жаатында жардамга муктаж экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG