Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:27

Ирак: Ал-Маликинин партиясы алдыга чыккандай


Шайлоо комиссиялары добуштарды эсептөөдө
Шайлоо комиссиялары добуштарды эсептөөдө

Иракта ушул ишембиде өткөн чечүүчү жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгы жарыялана элек. Бирок баштапкы бейрасмий маалыматтарга боюнча, премьер-министр Нури ал-Маликинин байыстуу жана секулярдык багытты карманган партиясы алдыга чыккандай. Бул шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү - өлкөдөгү сунни азчылыгынын добуш берүүгө кайтуусу болду. Алар 2005-жылкы шайлоону бойкоттошкон болчу.

Бул ирээт Ирактын 18 провинциясынын 14үндө 444 орун үчүн өткөн шайлоого 14 миңден ашуун талапкер ат салышты. Талапкерлердин 4 миңге жакыны аял затынын өкүлдөрү болду.

Өлкөнүн шайлоо комиссиясынын төрагасы Фараж аль-Хайдеринин айтымында, шайлоонун баштапкы расмий жыйынтыктары ушул апта соңуна карата чыгарылат:

- Шайлоочулардын саны 14 миллион 900 миң эле. Алардын 7,5 миллиону добуш берди. Шайлоочулардын катышуусу 51%дын тегерегинде болду. Ушул аптанын соңунда биз баштапкы жыйынтыктарды жарыялайбыз. Соңку жыйынтык эки, же үч аптанын аралыгында чыгарылат.

Алдыда айтылган 51% элдин катышуусу - саясий лидерлер мурда үмүттөнгөндөн төмөнүрөөк көрсөткүч. Бирок азыркынын 2005-жылкы шайлоодон айырмасы - анда көпчүлүк аймактарда суниттер шайлоону бойкоттошкон эле. Бул жолу сунниттер басымдуулук кылган Анвар провинциясында добуш берүүгө келгендердин саны 40%ды түзсө, Салахуддин деген провинцияда 65%га чейин жетти.

Маалымат агенттикттеринин кабарларына караганда, премьер-министр Нури ал-Маликинин саясий блогу (Мыйзам өлкөсү) Ирактын шийиттер басымдуулук кылган түштүгүндө өзгөчө ийгиликке жетишкен. Түштүктө чоң жоготууга учураган саясий күч – Ирак Ислам Жогорку кеңеши өңдөнөт. Диний багыттагы бул партия түштүктөгү тогуз провинциянын көпчүлүгүн көзөмөлдөчү.

Рейтер агенттиги Басранын шайлоо комиссиясындагы булактарына шилтеме берип билдиргендей, премьер Нури ал-Маликинин альянсы бул жерде 50%дай добуш топтогон, ал эми Ирак Ислам Жогорку кеңешинин лидери Фурат ал-Шира алар Басрадан 20%эле добуш топтогонун моюндады.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Али аль-Дабах бул маалыматты атүгүл альянстын мүчөлөнүнүн өзү үчүн да күтүлбөгөн жаңылык катары сыпаттады. Басма сөз катчынын айтымында, премьер-министрди альянсы түштүктөн, өзгөчө өлкөнүн экинчи ири шаары Басрадан мынчалык колдоо аларын эч ким ойлогон эмес:

- Премьер- министрдин блогунун жыйынтыктары көпчүлүк үчүн таң калыштуу. Менимче, бул жаңы бийлик пайда болгонун туюндурууда жана бул - кайра эле алар көтөргөн улуттук маселелердин натыйжасы.

Ал эми башкаала Багдадда алгачкы баамдоолор боюнча премьер-министрдин альянсы шийиттердин радикал динаятчысы Моктада ас-Садрдын партиясын жеңген. Багдаддын Садр шаар деп аталган району ас-Садрдын таяныч бекети катары эсептелчи.

Айтор, Ирактын азыркы өкмөт башчысы ал-Маликинин шайлоодогу жеңиши ырасталса, мунун мааниси анын альянсы - борборлоштурулган күчтүү өкмөттү жактаган жергиликтүү саясатчылардын бүткүл өлкөнү камтыган түйүнү экенинде. Ал - секулярдык жана улуттук биримдикке умтулган альянс.

Америкалык "Нью-Йорк Таймс" гезити Ирактагы жергиликтүү шайлоонун баштапкы бейрасмий жыйынтыктары арналган макаласында, шайлоодо секулярдык багыттагы партиялардын салыштырмалуу ийгиликке жетүүсү ирактыктардын басымдуу бөлүгү бийликте турганы менен алар үчүн олуттуу иш аркалай албаган диний париялардан көңүл калуусунун белгиси болушу ыктымал экендигин белгиледи.

Саддам Хуссеиндин доорунда бийликте турган сунниттердин азыркы шайлоого жигердүү катышуусу кубаттоого ала турган жараян. Бирок түндүктөгү Ниневе провинциясынан түшкөн маалыматтар, шайлоонун бул жердеги ыктымал жыйынтыгы саясий сахнаны ачыктагандын ордуна татаалдаштырары мүмкүн экенин каңкуулодо. Ниневе жана анын борбору Мосул али сунни козголоңчуларынын таяныч бекети бойдон калууда.

Ирактык жана америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, бул жерде шайлоочулардын көбү Саддамдын "Баас" партиясынын мурдагы мүчөлөрү колдогон жана жаңыдан түзүлгөн "ал-Хадба" партиясы үчүн добуш беришкен. Ал бул провинциядагы добуштардын үчтөн экисин алды деп эсептелинүүдө. "Ал – Хадба" партиясы провинциянын өкмөтүн 2005-жылдан бери күрддөр көзөмөлдөөсүн токтотуу максаты менен уюшулган жана аталган партиянын күрддөр менен түркмөндөргө караганда сунниттер басымдуулук кылган провинциядагы саясаты чыңалууга алып барышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG