Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:54

Дагестан: район жетекчисин атып кетишти


1-февралда Дагестанда Унцкул районунун жетекчиси Казимбек Ахмедов жана аны коштоп жүргөн төрт кишини кимдир бирөөлөр атып кетишкен. «Азаттыкка» маалым болгондой Ахмедовду жол боюндагы кафенин ичинен белгисиз адамдар өлтүрүп кетишкен. Кылмышерлерди издөө иштери жүрүүдө.

Бул окуя 1-февралда Дагестандын ордо шаары Махачкаладан анча алыс эмес жерде, Буйнак аттуу ашуунун белине курулган «Жолугушуу» кафесинде болгон. Набыт болгондордун арасында Казимбек Ахмедовдон тышкары милициянын ага лейтенанты Омарасхаб Омарасхабов, карылар менен майыптар интернатынын директору Измудин Аселдеров жана алардын эки айдоочусу болгон.

«Азаттыкка» маалым болгондой, бетин чүмкөп алган эки киши кафеге кирип келип, “райондун жетекчиси ким?” деп сураган. Бирок ага жооп бериле электе эле ок жаадырып киришкен. Милиция кийин ал жерден автоматтын 49 жезин табышкан.

Ахмедов ашуудагы кафеге досу, прокурор Омар Омаровдун туулган күнүн белгилөө үчүн барган жана окуя болгон кезге чейин эле Омаров ал жерден кетип калган.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун Дагестандын Тергөө бөлүмүнүн өкүлү Низами Ражабов билдирди:

- Ахмедовдун өлтүрүлүшү боюнча негизги божомол анын кызматтагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу болууда.

«Российская газета» “Унцукулдук район – Дагестандагы колуна мыйзамсыз курал алган топтор менен катуу кармаш жүргөн аймактардын бири. Райондун жетекчиси Казимбек Ахмедов жашыруун кылмыштуу топторду жок кылуу ишкердигинде күч органдарын кызуу колдоп келе жаткан” деп жазды.

«Кавказский узел» сайты жазганга караганда, былтыр 2008-жылы Дагестанда 37 жолу милициянын кызматкерлерине кол салынган. Тартип сактоо органдарында иштегендерден 75 киши мерт кетип, 34 киши жарадар болушкан.

«Мемориал» укук коргоо борборунун адиси Екатерина Сокирянская “Дагестанда кагылыштар көп учурда диний мүнөзгө ээ” деген пикирде. «Дагестан» маалымат агенттиги Махачкалада өткөн чукул жыйында Дагестандын президенти Муху Алиев “ар бир эле киши өлтүрүүнү диний экстремисттерге жүктөй бербеши керек” деп айтканын жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG