Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:39

И.Масалиев:“Манастагы” аскер базаны парламентте кароо сунушталды


АКШнын Манастагы аскерий аба базасын чыгарууга байланыштуу маселени парламенттин февраль айындагы күн тартибине киргизүү же киргизбөө бейшембиде чечилет, деп билдирди “Азаттыкка” Жогорку Кеңештеги Кыргызстан коммунисттери фракциясынын лидери Искак Масалиев. Анын айтымында, базадан бүджетке каражат түшүп жаткандыктан өкмөт базаны чыгарууга кызыкдар эмес. Дүйшөмбү күнү парламенттин Координациялык кеңешинде Масалиев “Манастагы” аскерий базаны чыгарууну февраль айындагы күн тартибине киргизүүнү сунуштаган. Ал эми “Ак жол” фракциясынын жаңы лидери Улугбек Ормонов бул маселе аталган фракциянын кечеги жыйынында көтөрүлөбөгөнүн маалымдады. 3-февралда К.Бакиев Москвада маалымат жыйынында АКШнын аскерий аба базасы Манас аба майданынан чыгарыларын билдирди. Апта башында иш сапары менен Бишкекке келген Түндүк Атлантика аскерий уюмунун башкатчысынын Борбор Азия жана Кавказ боюнча атайын өкүлү Роберт Симмонс Кыргызстан “Манастагы” аскерий аба базасын чыгарып жиберсе абдан өкүнүчтүү иш болорун билдирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG