Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

Т. Балтабаев: Өлкөнүн ички-тышкы саясаты дал келбей калды


Өлкөдөгү соңку коомдук-саясий кырдаал боюнча "Азаттыктын" түз ободогу суроолоруна Бириккен элдик кыймылдын мүчөсү, «Ата Мекен» партиясынын төрага орун басары, ЖКнын мурдагы депутаты Ташболот Балтабаев жооп берди.

- Ташболот мырза, Кыргызстандагы АКШ аба базасын чыгаруу тууралуу кечээ президент Москвада билдирген кыргыз өкмөтүнүн чечимин сиз кандай кабыл алдыңыз?

- Мен кадимкидей эле кабыл алдым. Себеби бул Бакиевдин биринчи эле билдирүүсү эмес базаны чыгаруу жөнүндө. Эки жака убада берип, аткарбай келатканын баарыбыз билебиз. Бакиевдин тышкы жана ички саясаты ырааттуу эмес экендиги, ички саясат менен тышкы саясаттын бир-бирине туура келбегендиги ушул жерде сезилип турат. Мисалы, жакынкы эле күндөрү Орусиянын президенти Ташкенге келип, Каримов менен сүйлөшүү жүргүзгөндө Кыргызстандын улуттук, мамлекеттик кызыкчылыгына туура келбеген билдирүү жасады. Мисалы Нарын дарыясынын каскаддарын Кыргызстан Өзбекстан менен макулдашуу жасагандан кийин гана жасашы мүмкүн деген билдирүү жасады. Токтоосуз түрдө буга каршы Тажикстандын нааразычылык билдирүүсү Орусиянын элчилигине билдирилди, Кыргызстан болсо унчукпастан барып туруп “Манас” аба базасы боюнча билдирүү жасап атат.

Мунун себеби Кыргызстандын ички саясатындагы Бакиевдин өкмөтүнүн начардыгы. Акаев 2 млрд. доллар карызга батырып кетти деп атпайбызбы, эми бул дагы 2 млрд. доллар карызга батырып кеткиси келип атат, бирок 10 эсе бийик пайыз менен. Негизгиси эле Кыргызстандагы бүгүнкү бюджет өтө чоң дефицит менен кабыл алынган. Кыскасын айтканда, эгер Орусия акча бербесе, Кыргызстан айлык акы бере албай калат дегенди билдирет. Мына ички саясат менен тышкы саясаттын бири-бирине байланышы жана Бакиевдин саясатындагы өтө начар жери.

- Ташболот мырза, ички саясат деп калдык. Коомчулукта Бириккен элдик кыймыл наарызылыктарды уюштурат экен деген сөздөр айтылууда, бул маселе күн тартибинде барбы, эгер болсо бүгүн өтө турган сиздердин саясий бюродо талкууланабы?

- Ооба, улам эле бул маселе талкууланып келе жатат. Себеби бүгүн Бакиевдин жүргүзгөн ички саясатын ачык эле айтса болот, элди басынткан бандиттик саясат болуп атат. Өзүңөр билесиңер, Таласта, башка жерде жыйындар өттү. Элдин пикирин билдирип коелу, өзүбүздү пикирибизди билдирип коелу, эл менен байланыш түзөлү деген оппозициянын аракетине булар болуп көрбөгөндөй чоң күчтөрдү колдонуп, провокация жасап, азыр кылмыш иши козголбогон оппозициянын лидерлери калган жок. Жакында эле президент кайрылуусунда айтпадыбы, Кайсы партия экенине, саясий позициясына карабастан өлкөнүн кызыкчылыгы, биримдиги үчүн сүйлөшүүгө даярмын деп. Ошол эле убакта элге чыгалы десек, эл менен жолугушпагыла, антпесе жумуртка менен башка жейсиңер, же камаласыңар дейт, же болбосо атайын топторду ошол жерде чогултуп, ошол жерде колдонуп атпайбы. Биз аны Таластан көрүп келдик.

- Кечээ Кыргызстандын аттуу-баштуу 20дан ашык инсаны президентке кайрылып, эрегешти, куугунтукту токтотуп, оппозиция менен тил табышууга президентти чакырган экен. Бул кайрылууну эгер президент эске алса, оппозиция ушул сүйлөшүүгө даярбы, баралабы сүйлөшүүгө?

- Эмне үчүн барбайт, оппозиция элдин кызыкчылыгын бүгүнкү бийлик сактап берсин деген эле талап коюп атпайбы. Эгер бизди укпасаңар, эгер жеке үй-бүлөлүк башкарууну токтотпосоңор, коррупцияланган бийликти өзгөртпөсөңөр ошондо биз маселе коебуз деп, Элдик курултайда чечим кабыл алынган да. Азыр эч нерсе жасалбай эле кадрдык өзгөрүү демиш болуп атпайбы, ошонун негизинде жаңы адамдарды алып келдик деп. Бул бийликтин негизги түпкү максаты баягы эле бир киши дайындап, жумуштан айдап, ошонун негизинде бир кишинин үй-бүлөсүнө кызмат кылган эле кишилер келип атпайбы. Мен жогоруда айтып кетпедимби, Орусия ГЭС курбайсыңар, сууңарга өзүңөр кожоюн болбойсуңар, муну менен Өзбекстан, Казакстан менен сүйлөшүп ошонун макулдугу менен курасыңар деп айтып атса, биз жок, карыз берсең эле сенин айтканыңды аткарабыз дегендей саясат жүргүзүп атат.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG