Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Эларалык Пресса институту: Азия журналисттер үчүн эң кооптуу аймак


 Киши колдуу болуп өлгөн кыргызстандык журналист Алишер Саиповдун мүрзөсү
Киши колдуу болуп өлгөн кыргызстандык журналист Алишер Саиповдун мүрзөсү

Азия журналисттер үчүн эң кооптуу аймакка айланган. Мындай тыянак Эларалык Пресса институтунун (IPI) жылдык баяндамасында жасалат. Анда былтыр Азия өлкөлөрүндө кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу 26 кабарчы, фотожурналист жана редактор өмүрүнөн ажыраганы айтылат. Ал эми Борбор Азияны алсак, докладдын авторлорунун бири айткандай, эң өкүнүчтүү абал Өзбекстанда түзүлгөн.

Алтынчы жыл катары менен былтыр эң көп журналист Иракта каза тапты. Аны менен бирге Пакистан кабарчылар үчүн эң кооптуу өлкөгө айланды. Эларалык Пресса институту журналисттердин көзүн тазалагандар көпчүлүк учурда жазаланбай келгенин белгилейт.

- Айыптууларды жазасыз калтыруу чөлкөмдө жугуштуу илдет сыңары жайылууда. Бул көрүнүш Филиппиндер менен Шри Ланкада гана эмес Индия өңдүү демократияларда да орун алууда, - деп белгиледи институттун директору Дэвид Дэдж.

Ушуга үндөш билдирүүнү Журналисттердин эларалык федерациясынын жетекчиси Айдан Уайт 5-февралда жасады:

- Көпчүлүк убакытта демократиялуу өлкөлөрдө да журналисттерге, маалымат каражаттарына туулган коопко бийликтердин кайдыгер мамиле жасашканына күбө болобуз.

Эларалык Пресса институтунун маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча кеңешчиси Колин Петерс отчет жөнүндө буларды айтат:

- Баяндама дүйнөнүн булуң-бурчундагы маалымат каражаттарынын эркиндигине баа берүүнү максат кылат. Быйылкы докладда Азия аймагына басым жасалат. Мурда журналисттер үчүн эң кооптуу аймак Жакынкы Чыгыш болуп келсе, эми Азия эң кооптуу жерге айланган. Азияда 2008-жылы 26 кабарчы өлүмгө дуушар болгон.

Эларалык институттун маалыматына ылайык, Азиядан тышкары былтыр бир катар журналисттер Мексика, Грузия, Россия жана башка өлкөлөрдө курман болгон.

Кыргызстанга арналган бөлүгүндө Пресса институту Алишер Саиповдун өлүмүнө байланышкан кылмыштын бети ачылбай жатканын, De Facto басылмасынын кеңсеси тинтүүгө алынып, компьютерлердеги материалдар конфискацияланганын, журналисттердин маал-маалы менен Улуттук коопсуздук кызматына суракка чакырылганын, “Азаттык” радиосунун берүүлөрүнүн Улуттук телерадиокорпорация тарабынан обого чыгарылбай калышын белгилейт.

Казакстанда болсо маалымат каражаттары Борбор Азиянын калган жумурияттарына салыштырмалуу стабилдүү экени айтылат. Ошентсе да докладда бийликтин цензурасы, маалымат каражаттары жөнүндөгү катаң мыйзам, “Алма-Ата инфо” басылмасынын баш редактору Рамазан Есергеповдун Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалганы өзгөчө белгиленет.

Тажик маалымат каражаттары президент Эмомали Рахмондун авторитардык бийлигинен жапа чегип келатат. Былтыр эле мамлекеттин тийиштүү комитети 25 жаңы радио же телестанциядан лицензияларын тартып алган. Бул кадам эркин ойду билдирүүнү цензуралоо катары бааланууда, - делинет докладда. Журналисттерди уруп сабоо, басылмалардын мүлкүн өрттөө, аны тартып алуу, маалымат каражаттарын жаап салуу кеңири практикага айланган.

Өзбек өкмөтү сын пикирди билдирген маалымат каражаттарын куугунтуктоону, аларды көзөмөлдөө аракетин улантууда, - деген тыянак жасалат отчетто:

- Кошуна өлкөлөрдөгү абал жалпысынан идеалдуу деп айтуудан алыс, бирок тилекке каршы Өзбекстан маалымат каражаттарынын эркиндиги жагынан региондогу мурдагы советтик жумурияттар арасында эң акыркы орунду ээлейт, - дейт Пресса институтунун өкүлү Петерс.

XS
SM
MD
LG