Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Кайрадан Орусиянын оттуу кучагында


Саясат талдоочулардын айтымында, орус-кыргыз өкмөттөрү Москвада кол койгон келишимдерди парламент кыйшаюусуз ратификациялашы шексиз.

Бүгүн парламент Орусия менен Кыргызстандын кызматташуусуна байланышкан үч мыйзам долбоорун ратификациялоо маселесин карай баштады. Биринчи мыйзам долбоор Орусиядан келе турган 300 миллион долларлык мамлекеттик каржылык кредит, экинчиси Камбар-Ата 1 ГЭСин курууга келе турган каражат, үчүнчүсү Кыргызстандын Орусияга болгон карызын жоюунун шарттары тууралуу болмокчу. Бул мыйзам долбоорлорду кечээ парламент комитеттери колдоп чыгышканы менен ага каршы чыккандардын айтымында, бул жерде Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген иштер жасалууда.

Саясат талдоочулардын айтымында, орус-кыргыз өкмөттөрү Москвада кол койгон келишимдерди парламент кыйшаюусуз ратификациялашы шексиз. Тек гана бул жерде ири өлчөмдөгү кредит алуу үчүн Кыргызстандын кандай курмандыктарга барып жаткандыгы талаш-тартыш жаратууда.

Келишимдер боюнча Орусия Камбар-Ата 1 ГЭСин курууга 1 миллиард 700 миллион доллар бөлүп, аны эки өлкө биригип түзгөн акционердик коом ишке ашырмакчы. Талаштуу маселе ГЭС курууга кеткен бул ири сумманы төлөө жагына келгенде чыгууда.

Келишимге ылайык бул кредит Орусиянын “ИНТЕР РАО ЕЭС” жана Кыргызстандын “Электр Станциялары” ишканалары 50 пайыздан ээлик кылышкан акционердик коомго берилмекчи. Ошол себептүү, бул карызды төлөөгө келгенде да бул эки ишкана бирдей жоопкерчилик тартып, тең жарымдан төлөшөбү деген сыяктуу суроолор жаралууда.

Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимовдун айтымында, 300 миллион доллар мамлекеттик кредит туурлауу мыйзам долбоор туура болгону менен ГЭС куруу жана карыздарды жоюунун жол-жоболору тууралуу эки мыйзам долбоор Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербейт. Ошондой эле ал, үстөгү менен кайтарылчу акчасынан тышкары курула турчу ГЭСтин 50 пайызына ээлик кылгысы келген Орусия, Кыргызстандагы коалициялык күчтөрдүн “Манас” аба базасын чыгаруу талабын коюшу, ага Кыргызстандын моюн сунуп бериши абдан кейиштүү көрүнүш болгонун айтат:

- Бул жерде көңүл берчу нерсе, президент жанагы 2 миллирад доллар кредит менен коалициялык күчтөрдүн базасын кетирүү маселесин байланыштырып таштады. Эмне үчүн Москвага барып алып Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы болгон маселени айтып жатат. Эгерде бир президент экинчи президент менен жолугушуп атып, үчүнчү тарап менен болгон иштер тууралуу сөз кылса, аны эл аралык мамилелерде “куурчак” деп коюшат. Бул жерде ошондой саясат жүргүзүлдү. Кыргызстандын аброю, кадыр-баркы эл аралык мамилелерде өтө төмөн түштү.

Бийлик тараптагы саясатчылар, Москва 2 миллиарддык кредитти берүү үчүн “Манас” аба базасын кетирүү шартын койду деген сөздөрдү ушак сөздөр катары баалашып, бул өкмөттүн жеке чечими болгонун, Кыргызстандын ички-тышкы саясатына эч ким кийлигишүүгө укугу жок экенин айтышууда.

Жогорку Кеңештин төрага орун басары, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Исабековдун пикиринде, эми базаны чыгаруу чечимине байланыштуу Кыргызстан менен АКШ, батыш өлкөлөрүнүн мамилеси бир аз салкындашы мүмкүн, бирок Кыргызстандын тышкы саясатын президент өзү аныктайт жана анын бул чечими учурдун талабына жооп берет:

- Бул аба базасы келип атканда, ошол учурда керектүү болчу. Ошол убакта Орусиянын бийлиги менен да макулдашылган нерсе болчу. Мыйзам катары муну мурунку парламент да бекиткен. Азыр абал башка да. Президентибиз туура айтып атат. Мисалы, биздин Иванов аттуу жараныбызды атып өлтүргөн америкалык аскер эмдигиче жоопко тартылган жок. Эмне себептен бул база кирип атканда АКШнын катардагы аскерлери да дипломатиялык кол тийбестикке ээ болуп калышкан. Ошого кол койгон мурунку бийликтин өкүлдөрүн да жоопко тартыш керек деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG