Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:28

5-февраль: Тарых барактары


Кыргыз ССР Жогорку Совети 1991-жылдын ушул күнү борбор шаардын тарыхый ысмын калыбына келтирүү маселесин талкуулап, Фрунзе шаарына Бишкек деген ат ыйгарылган.
Кыргыз ССР Жогорку Совети 1991-жылдын ушул күнү борбор шаардын тарыхый ысмын калыбына келтирүү маселесин талкуулап, Фрунзе шаарына Бишкек деген ат ыйгарылган.

Кыргыз областтык Революциялык Комитетинин Президиуму 1925-жылдын 5-февралында Кыргыз Автономиялык областтык Советинин Бүткүл кыргыздык уюштуруу съездин чакыруу туурасында чечим кабыл алды.

Энесайлык кыргыз беги Эренактын чапкынан кийин Красноярск жана Томь воеводалары Кыргыз жергесине аскердик операция уюштурууну чечишкен. Орус аскерлери адегенде кыргыздар жашайт деген Терекли йолго келип, бирок өрөөндөн кыргыздарды таппай калышкан. Орус отрядын жетектеген Р. Старков менен И. Гречаниндер кыргыздар дагы бир амал ойлодубу деп шектенишип, Ак жана Кара Ийус өрөөнүнө аттанышкан. Алардын максаты Кыргыз ээлигине кирген красноярскилик аскерлер менен биригип, бирдиктүү күч менен кыргыздарга сокку уруу болгон. Бирок кыргыздар алардан озунуп, 1680-жылдын 5-февралында орус аскерлерине кандай капыстан кол салса, ошондой эле күтүүсүзз жерден кайра тоо, ташка житип кетишкен.

Кыргыз Автономиялык областынын уюшулгандыгы туурасындагы Декларация 1925-жылдын январь айында кабыл алынган. Декларацияда Революциялык Комитет эмгекчил кыргыз калкынын туруктуу иштей турган өкмөтүн куруу максатында жумушчу жана дыйкандар Советинин Уюштуруу съездин чакырууга кирише тургандыгын белгилеген чечим чыгарган. Кыргыз областтык Революциялык Комитетинин Президиуму аталган Декларацияга ылайык, 1925-жылдын 5-февралында Кыргыз Автономиялык областтык Советинин Бүткүл кыргыздык уюштуруу съездин чакыруу туурасында чечим кабыл алган.

Кыргыз ССР Жогорку Совети 1991-жылдын 5-февралында борбор шаардын тарыхый ысмын калыбына келтирүү маселесин талкуулаган. Айрым депутаттар шаар мурда «Пишпек» аталгандыктан, Фрунзе шаарынын Пишпек ысмын туура деп эсептешсе, айрымдары ал аталыш орус документтеринде гана жаңылыш белгилендиктен ал терминди кабыл алуу мүмкүн эместигин эскертишкен. Коммунист жолдоштор М. В. Фрунзе Кыргызстанда туулган улуу полководец жана таанымал интернационалист экендигине басым жасап, шаардын Фрунзе аталышында калышын жакташкан. Акыры депутаттардын басымдуу көпчүлүгү XVIII кылымда азыркы борбор шаардын кашында жашап, калмак чапкынына каршы күрөшкөн белгилүү инсан Бишкек баатырдын ысмын борбор шаарга ыйгарууну туура табышкан.

Бул күнү, 1850-жылы АКШда арифмометр деген биринчи эсеп машинасы патенттелип, 1505-жылы швейцариялык тарыхчы Эгидий Чуди, 1836-жылы орус адабият сынчысы Николай Добролюбов, 1840-жылы америкалык конструктор, «Максим» пулеметун ойлоп тапкан Хайрем Максим, 1878-жылы француз инженер-механиги жана «Ситроен» автомобиль компаниясын негиздеген Андре Ситроен жарык дүйнөгө келген.

Айтылуу Петр I 1721-жылдын бул күнү Рухий коллегия же тактап айтканда бүткүл чиркөө ишин тейлей турган өкмөттүк Синодду курган.

Москва шаарындагы атагы алыска тараган «Эл достугу» университети 1960-жылдын 5-февралында курулган. КПСС Борбордук комитети менен СССР Министрлер кеңеши, «үчүнчү өлкөлөр» аталган социалисттик багытты тандаган мамлекеттердин жаштары үчүн атайын окуу жай куруу туурасында чечим чыгарган. Кийин 1961-жылы окуу жайга Патрис Лумумба ысмы ыйгарылган.

Айтылуу америкалык конструктор жана өнөр жайчы Хайрем Стивенс Максим 1840жылдын 5-февралында жарык дүйнөгө келген. Ал 19-кылымдын 80-жж. автоматикалык мылтык, пушка жана «Максим» аталган туруктуу пулеметту чыгарган. Хайрем Максимдин Германияда негиздеген пушка заводу дүйнөнүн басымдуу бөлүгүн кыргын салчу куралдар менен жабдып турган. Мисалы «Максим» пулемету Кызыл Армиянын куралдуу күчтөрүндө 2-дүйнөлүк согуштун соңуна чейин колдонулуп келген.
XS
SM
MD
LG