Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

ЕБнын энергия коопсуздугу азырынча Москванын колунда


Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо маселеси Еврокомиссиянын төрагасы Баррозо баштаган делегация менен Россиянын премьер-министри Путиндин Москвадагы кездешүүсүнүн негизги темасы болот.

Жыл башында газдын баасы боюнча Россия-Украина арасында болгон тирешүү Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдү көгүлтүр отун менен камсыздоону үзгүлтүккө учураткан эле. Москва эки жумадан соң газды Биримдикке толук өлчөмдө жөнөтүп, анын ортосунда Словакия, Болгария, Румыниянын экономикасы олуттуу зыян тартты. Калк суукта калды. Ошон үчүн Брюсселдин отун энергия саясаты - биринчи кездекте керектөөчүлөрдү, демек, шайлоочуларды көгүлтүр отун менен камсыздоого кепидик бериш керек, дешет серепчилер.

Бул жөнүндө АКШнын Атлантика кеңешинин трансатлантикалык энерегетикалык коопсуздук боюнча эксперти Александрос Петерсон мындай дейт:


- Сарамжалдуу энергия саясаты баарынан мурда керектөөчүлөрдү туруктуу камсыздоону талап кылат. Керектөөчүлөр - булар шайлоочулар. Европада жана Германияда жакында болчу шайлоодо энергия коопсуздугу зор тема болору анык.

Еврокомиссиянын төрагасы Хосе Мануел Баррозо бейшемби күнү Брюсселде сүйлөп, январдагыдай газ чатагы келечекте кайталанбас үчүн Биримдик жана Россия өз ара карама-каршылыктарды моюнга алуу менен үзүрлүү кызматташуусу зарыл деди.

Россиянын Брюсселдеги элчиси Владимир Чижов билдиргенге караганда, тараптар орток газ концорциумун түзүүнү пландап жатат. Украина аркылуу Европага өтчү газды көзөмөлдөөчү бул концорциумду Россиянын «Газпрому» Украина жана Евробиримдик менен чогуу башкармакчы.

Теңорток концорциумду түзүү жөнүндөгү кабарга байланыштуу Еврокомиссия азырынча эч кандай түшүндүрмө бере элек. Ошондой эле Россия Батыш долбоорлогон Набукко боросун курууга катышат деген кепти да жоопсуз калтырууда. Набукко боросу Борбор Азия жана Азербайжандын газын Европага ташууга тийиш.

Европарламенттин мүчөлөрү Баррозо башындагы даражалуу делегацияны энергетика коопсуздугу боюнча сүйлөшүүдө Москвага кысым жасоого чакырышты. Айрым байкоочулар Россия тарап оор экономикалык кризистен улам мурдакыдай өзүнүкүн таңуулап, тоң моюндук кылбайт деп боолгошот.

Маалыматтарга караганда, Еврокомиссиянын делагациясы Москваны Евробиримдиктин энергия хартиясы боюнча каршы көз карашынан баш тартууга ынандырууга да аракет кылат. Хартия мунай-газ боюнча келишимдери транспарентүү болушун, баа кандай бычылганын жаап-жашырбоону талап кылат.

XS
SM
MD
LG