Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Жаштар арасында ашказан илдетине чалдыккандар көбөйүүдө


Адистер ашказан ооруулары негизинен туура жана өз убагында тамактанбагандан пайда болоорун айтышат.
Адистер ашказан ооруулары негизинен туура жана өз убагында тамактанбагандан пайда болоорун айтышат.

Дарыгерлер барган сайын ашказан, ичеги карын оорулары менен кайрылган жаштардын саны көбөйгөнүн айтышууда. Алар мунун негизги себебин жаштардын тамак-ашына жакшы көңүл бурбагынына байланыштырышат.

Бишкек шаарынын тургуну Марат шаардагы базарлардын биринде соода кылат. Ал мындан беш жыл мурда ашказаны ооруп врачка көрүнгөн. Ошол кезде оорулууга ашказандын сезгенүүсү (гастрит) деген диагноз коюлуп, дары-дармек жазып берген.

Бирок Марат врачтын айткандарын жана жазып берген дарыларын да ичпегенин айтат. Оорусу маал-маалы менен козгоп турганына карабай, ал бул ооруга көп деле маани бербей келген.

- Мен өзүм базарда иштейм. Врачка беш жыл мурда келип текшерилип кеттим эле. Бирок врач жазып берген дарыларды ичкен да жокмун. Анткени базарда ар бир үчүнчү адамдын ашказаны ооруйт. Ошондуктан бул кадимки эле көрүнүштөй сезилип, көп олуттуу деле карачу эмесмин. Эки-үч айдан бери ооруганы күчөп жатканынан врачка келдим.

№ 18 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси, терапевт Кира Ирсалиева оорулуунун мына ушандай мамилесинен улам акыркы кезде өзгөчө жаштар арасында ашказан оорулуулардын саны көбөйүп жатканын айтат. Адистер ашказан оорусу негизинен эле туура жана өз убагында тамактанбагандан дешет. Алар ооруну алдын албаса анын аягы ракка айланып кетиши ыктымалдыгын да белгилешет.

- Режим боюнча адам баласы сөзсүз үч маал тамакануусу зарыл. Эртең менен эч качан ачка болбош керек. Кургак тамак жебеш керек, же сөзсүз суюктук менен жеген жакшы. Ашказаны ооруган адам өтө муздак эмес жылуу жегени оң. Ошондой эле сүрсүгөн, катуу тамактарды эмес, кайнатма, жеңил тактарга көңүл бурганы жакшы. Кээде адамдар зарна болгон учурда өздөрү билип ар кандай дарыларды ичишет. Алар ооруну убактылуу токтотушу ыктамал, бирок дарылабайт. Бул барып-барып жарага айланышы ыктымал. Андай учурда ашказандагы кычкылдыкты көбөйткөн газ сууларды, Кока-кола сыяктуу суусундуктарды ичпеш керек. Ашказан ооруга олуттуу маселе жасабаса бул ракка айланып кетиши ыктамал. Ошондуктан дарыгердин кеңеши менен дарылануусун сунуш кылам.

Кира айымдын айтымында, көчөдө самса, пирожки сыяктуу тамактарды жеген соң артынан муздак суу ичпеш керек. Мындай учурда май ичеги-карындарда тоңуп калат да ичтин ооруусуна алып келет.

Ал эми апитерапевт-хирург Жумагүл Токтогулова бир топ ооруларды бал менен дарылоо жолуна үч жыл мурда өткөн. Ал балдын айрыкча ашказан, ичеги-карын ооруларына таасири зор экенин айтат:

- Ушул тапта дарынын түрү көп болгону менен башка оорулар менен катар эле ашказан оорусу көбөйүп баратат. Тамак-аш деле жетиштүү деп ойлойбуз. Бирок бүгүнкү күндө биз ичкен-жеген тамак-аштын сапаты анчалык жакшы эмес деп ойлойм. Өзгөчө ашказан оорусуна бал абдан таасирлүү. Балдын курамында 400-450 ингридиент бар экен жана Менделеев түзгөн элементтердин бардыгы бар. Аны адамдын организми айрым башка дарылардай оор эмес жеңил сиңирет. Башка органдарга да терс таасири жок. Ашказан жарасы, ашказандын, ичеги карындын сезгенүүсүн дарылоодо жана алдын алууда балдын касиети чоң. Адам баласы дени сак, күч-кубаттуу болушу үчүн алар тамак-аш аркылуу 600 минералдык заттарды алып туруу керек. Азыркы шартта күнүгө минерладык заттар организмде азайып отуруп, түрдүү ооруларга алып келүүдө.

Жумагүл айымдын айтымында, балды эч качан ысык чай, же сууга кошуп ичпеш керек. Андай учурда бал өзүнүн баштапкы касиетин жоготот.

- Эртең менен, кечинде бир кашыктан бал жеп жүрсө баардык оорунун алдын алуу болуп эсептелет. Суук тийгенге, ашказан, жүрөк-кан тамыр ооруларына да жакшы. Бал канды суюлтуп, гемоглабинди көтөрүп, адамга күч-кубат берчү касиетке ээ.

Ата-бабалар ашказанды кантип дарылап келишкен? Деги эле айылдарда ооруну кантип алдын алышат. Ал тууралуу бизге Аманбү Орозбаева айтып берди. Ал ички органдарды дарылоодо бээнин сүтү жана айрым чөптор чоң жардам берээрине токтолду:

- Айрыкча ички органга, ашказан, бронхитке бээнин сүтү өтө пайдалуу. Аны бээни бир күндө канча сааса ошончо жолу, жылуу кезинде ичиш керек. Бир-эки күн ичин дарылайм деген туура эмес. Аны кеминде 10-15 күн сүрө ичкенде гана таасири тиет. Андан сыркары миң тамырды (бака жалбырак) кургатып алып, чай кылып ичсе да жардам берет. Жакшысы - миң тамырдын согун чыгарып жаңы кезинде ичкен жакшы. Аны күндө эртең менен ачкарын 50 граммадан ичиш керек. Бул ашказандагы жараны жоготот.

Негизи эле адистер кандай оору болбосун алдын ала текшерилип жүрүүсүн сунушташат. Ошону менен катар тамактануу эрежелерин сактоо ашказан ооруларын алдын алуунун биринчи жолу экенин айтышат.

XS
SM
MD
LG