2008-жылы Кыргызстанда энелер өлүмү 10,7 пайызга төмөндөгөн. Саламаттыкты сактоо министрлигин маалыматы боюнча былтыр 71 боюнда бар аялдар көз жумган. Ал эми 2007-жылы өлкөдө 77 эне өлүмү катталган. Көбүнчө кош бойлуулар Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көлдө каза таап жаткандары кабарланган. Дарыгерлердин маалымдашынча энелер кансыроодон жана боюнда бар кезинде дартына тийиштүү көзөмөл албагандан ажал табышууда. (EK)