Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

ЖК комитети АКШ аба базасын чыгаруу чечимин колдоду


Өкмөттүн "Манас" аба майданындагы АКШ базасын чыгаруу чечимин парламенттин Коргонуу, коопсуздук, тартип жана соттук реформа комитети жактырды. Аны эми ЖКнын бул маселеге тийиштиги бар калган комитеттери да карашы керек.

“АКШ менен Кыргызстандын макулдашуусунун түзүлүшүнө байланышкан 2001-жылдын 4-декабрындагы АКШ элчилигинин нотасына денонсациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жооп нотасы жөнүндөгү ” мыйзам долбоору боюнча тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев Жогорку Кеңештин Коргонуу, коопсуздук, тартип жана соттук-укуктук реформа комитетинде маалымат берди.

Комитеттеги «Ак жол», Кыргызстан коммунисттери фракцияларынын мүчөлөрү аталган долбоорду талкуулап, толугу менен колдоорун билдиришти. Бул маселени жакын арада тезинен парламенттин отурумуна алып чыгуу сунушталды.

Комитеттин мүчөсү, Кыргызстан коммунисттери фракциясынын лидери Искак Масалиев бул маселеде өкмөт чечимин колдоодон башка жол жоктугун айтат:

- АКШ менен кыргыз өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимде так жана даана жазылган. Эгерде кайсы бир тарап ушул келишимдин күчү жоготулсун деген чечимге келсе, анда 180 күндөн мурдараак маалымат бериши керек. Ошондуктан бүгүнкү өкмөттүн базаны чыгаруу тууралуу чечимин колдош керек. Андан башка жол жок.

Кыргызстан коммунисттери буга чейин бир нече ирет "Манас" аба майданынан базаны чыгаруу маселесин коюп келишкенин билдирген аталган комитеттин төрага орун басары Хаджимурат Коркмазов аскерий базадагы америкалык жүк ташуучу учактардан төгүлгөн күйүүчү майлардын экологияга тийгизген терс таасири тууралуу буга чейин көз карандысыз комиссия иликтеп чыгып, тиешелүү органдарга кайрылышканда эч бир майнап чыкпаганына токтолду.

Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев аталган долбоор боюнча комитетте маалымат берип, бул маселе боюнча буга чейин кыргыз бийлигинин бир нече сунуштарына АКШ өкмөтү көңүл бурбай келгенин, Чүй облусунун батыш аймагындагы райондоруна экологиялык зыян алып келгенин, базада америкалык аскер тарабынан атып өлтүрүлгөн Ивановго байланыштуу иштерди белгиледи.

- Ошондуктан кыргыз өкмөтү жогорудагыларды эске салып “АКШ менен Кыргызстандын макулдашуусунун түзүлүшүнө байланышкан 2001-жылдын 4-декабрындагы АКШ элчилигинин нотасына денонсациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жооп нотасы жөнүндөгү ” мыйзам долбоорун сунуштайт, - деди тышкы иштер министри.

Комитет мүчөсү Рашид Тагаев бул маселе мурдатан бери бышып жетилгенин, комитет базаны чыгаруу жөнүндө өкмөттүн сунушун толугу менен колдоорун билдирди. Ал ошондой эле Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышындагы Коопсуздук жана коргонуу комитетиинин төрагалары аба базаны чыгаруу мселесин кабыргасынан койгондо, ошол кездеги өкмөт токтотуп койгонун эске салды.

Тагаев АКШнын аскерий аба базасынан Кыргызстан канча пайда көрөрүн, түшкөн каражаттар каякка жумшалып жатканына кызыкты. Тышкы иштер министри 17,5 млн сомдон башка каражаттар тууралуу айта албастыгын, бул маселе боюнча каржы тармагын тейлеген органдар так жооп берерин билдирди.

Жогорудагы мыйзам долбоорду жактырган Коргонуу, коопсуздук, тартип жана соттук-укуктук реформа комитети менен парламенттин СДП фракциясы макул эмес. Фракция башчысы Бакыт Бешимов бул маселе боюнча шаршемби күнү өз көз караштарын билдирээрин айтат:

- "Манастагы" АКШнын авиа базасы азыркы учурда кыргыздын улуттук кызыкчылыгына жооп берет. Себеби дегенде, биринчи иретте улуттук коопсуздук керек. Биздин улуттук коопсуздук азыркы учурда Борбордук Азиянын аймактык коопсуздугуна байланыштуу, экинчиден Ооганстандагы абалга байланыштуу. Ооганстанда азыркы учурда НАТОнун аскерий күчтөрүн көбөйтүп жатат, анткени Талибандар күчөп баратканы айтылууда. Ооганстанда туруктуулук дагы жок болуп жатпайбы. Ал эми АКШ базасынын биздин аймакта турушу улуттук коопсуздукка жооп берет.

Оппозициячыл саясатчылар дагы "Манастагы" аскерий аба базаны чыгаруу боюнча өкмөттүн парламентке сунуштаган мыйзам долбоорун кескин сынга алышууда. Алардын баамында, базанын чыгарылышы жөнүндө президент Курманбек Бакиевдин Москвадан билдирүүсү кыргыз мамлекетинин эл аралык абройуна доо кетирди.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул маселе боюнча парламенттин комитети өзүнүн ишин жасаганын белгилеп, бийликтин бул кадамын туура эмес деп эсептейт:

- Америкалыктар, башка чет элдиктер айтып жатышат, Орусия менен сүйлөшүп базаны калтырабыз деп. Бул жерде Ош базарынын деңгээлинде соода кылып, биз өзбүздүн улуттук мамлекетибиздин кадыр-баркын түшүрдүк. Бүтүндөй саясий аналитиктер, башка мамлекеттин буга кызыкдар адамдары кыргыздар менен эмес, орустар менен эле сүййлөшүп чечебиз, кыргыздарга акча берсек эле болот деген көз карашта болуп калышты. Албетте бул Кыргызстандын эл аралык абройу үчүн чоң сокку.

Бул маселени эми парламенттин калган комитеттери качан караары азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG