Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:50

Израил: Саясый партиялардын келечегин бүгүнкү шайлоо чечет


Саясый партиялардын лидерлери, 2009
Саясый партиялардын лидерлери, 2009

Бүгүн Израилде парламенттик шайлоо күнү. 8-февралда жарыяланган сурамжылоо шайлоочулардын кеминде 15 проценти кайсы партияны колдоорун билишпегенин көрсөттү. Ошон үчүн негизги партиялар акыркы мүнөткө чейин шайлоочулардын добушу үчүн күрөшмөкчү.

120 орундуу Кнессетте бир да партия көпчүлүк мандатка ээ болбойт деп күтүлүүдө. Буга караганда, көбүрөөк добуш алган партия коалициялык өкмөт түзөт сыягы.

Экс-премьер-министр Бинямин Нетаняху башындагы оңчул Лихуд партиясын ийгилик ылоолойт деп болжолдонуп жаткан. Бирок 8-февралда жарыяланган сурамжылоо шайлоочулардын аз дегенде 15 проценти кимге добуш берерин билбегенин көрсөттү. Бул сурамжылоого караганда, Лихудду тышкы иштер министри Ципи Ливни башындагы орточул «Кадима» партиясы такымдап барат. Үчүнчү орунда улутчул «Израил биздин жерибиз» партиясы. Авигдор Либерман башындагы улутчулар Израилдин араб жарандарын сындап, аны менен элди өзүнө тарткан.

Шайлоо өнөктүгү курч жагдайда жүрүп жатканын «Кадиманын» лидери Ципи Ливни да дүйшөмбү күнү мойнуна алды:

- Бул өнөктүк жөөлөшүүгө окшоп барат. Күрөш Израил мамлекетинин формасы жана болочогу үчүн жүрүүдө. Ар бир добуш үчүн айыгышкан күрөш жүрүүдө. Мен коркутууну туу туткан жетекчиликке ишенбейм. Мен коркунучка каршы күрөшүүнүн жолун сунуш кылган жетекчиликке ишенем.

Ципи Ливнинин бул сөзү Бинямин Нетаняхуга багытталды. Нетаняху Израилдин коопсуздугуна араптардан же Ирандан коркунуч бар деп, кайра-кайра опурулууда. Ал 9-февралдагы сөзүндө премьер-министр Эхуд Олмертти өткөн айда Газага аскер киргизип да ХАМАСтын Израилди ракетадан аткылоосун токтото албады деп сындады:

- Акыркы 24 саатта «Катам» ракетасы Сдерот шаарчасына түштү. Бул жаңылык эмес. Өзгөрүү болобу? Өкмөт сөзүндө туруп, аларды тыптыйпыл кылабы? Өкмөт жымжырт.

Ливни айым палестиндер менен «жер ордуна тынчтык» сүйлөшүүсүн алга жылдырууга дилгир. АКШнын мурдакы жана азыркы президенттери колдогон бул планды түртүү «Кадимага» көп упай бербейт деп боолгошот кээ бир талдоочулар.

Эхуд Олмерт былтыр жемсөөлүккө байланыштуу чатактан улам «Кадиманын» төрагалыгынан кеткен. Анын ордуна келген Ливнинин жалпы элдик шайлоого бирдиктүү коалиция менен чыгуу аракети ишке ашкан жок.

Израил парламентти - Кнесет 120 депутаттан турат. Байкоочулардын боолгошунча, Лихуд жана «Кадима» 30 мандаттан да алышпайт. Либермандын партиясы 20 орунга, Коргоо министри Эхуд Барак башындагы Жумушчу партиясы 15 орунга ээ болушу ыктымал. Мындай шартта 61 депутаттын колдоосун алган партиянын башчысы коалициялык өкмөттү түзүүгө мүмкүндүк алат.

XS
SM
MD
LG