Бул туурасында "Азаттыкка" билим берүү тармагы боюнча башкы адис Абдыманап Жолдошев билдирди. Анын айтуусунда, өткөн жылдан тарта Камбарата ГЭСи сыяктуу курулуш объекттери жанданып баштагандыктан, курулушчуларга болгон суроо-талап өсө баштады. Бирок азырынча алар талап кылган профессионалдарды тез аранын ичинде даярдоо айрым кыйынчылыктарды жаратып жатат. "Мисалы алар тогузунчу разрядагы бетондоочуну сурап жатышат. Окууну бүткөндө араң 3-разряд берилет. Анан акырындап иштеп өсүп 15 жылдай убакытта 9-разрядга ээ болушат.15 жылдан бери курулуш бизде токтоп турса каяктагы мындай курулушчуну табабыз. Бизде азыр жумуш берүүчүлөр студенттер 4-5-курста эле окуп жүргөндө эле алар менен байланыш түзүп, акырындап өздөрү үйрөтүп тарбиялап алыш керек. Азыр биз ушундай системадан аксап жатабыз" ,-дейт адис. Былтыр кыргызстанда курулушчу, тоо кен жана жаңы маалымат технологиялары боюнча адистиктерге карата суроо-талап өскөндүктөн, бул кесиптер 300 орунга көбөйгөн. (AzK)