Мындан ары Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу качкындар борбору каражаттын жоктугунан иштей албайт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева менен Бириккен Улуттар Уюмунун качкындардын иши боюнча жогорку комиссар башкармалыгынын өкүлү Ханс-Фридрих Шоддер менен болгон жолугушууда айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушууда Ө.Абдуллаева ушул багытта мыйзамдык база калыптанып калганын жана акыркы кездерде качкындардын саны кыскаргандыгын белгилеген. (КЕ)