Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Президент Курманбек Бакиев экинчи мөөнөткө шайлоого барат


Бул тууралуу президент бүгүн журналисттер менен жолугушуусунда билдирди. Өлкө башчысы ошондой эле президенттикке татыктуу башка жигиттер да бар экенин, бирок азырынча алардын аттарын атабасын айтты.

Президент Курманбек Бакиев “Ала-Арча” резиденциясында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. “Экинчи мөөнөткө шайлоого барууга мыйзам жол берет жана мен бул укугумдан экинчи ирет пайдаланам”, - деди өлкө башчысы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Өлкө башчысы мындан сырткары президенттикке татыктуу жигиттер бар экенин, бирок алардын аттарын азырынча атабай эле койоорун айтып, учурда өлкөнүн экономикасы жакшы экенин, экинчи мөөнөткө шайлоого катышуу үчүн конституциялык укугунан пайдаланаарын белгиледи.

Президент бул маалымат жыйынында ошондой эле айрымдар президенттик шайлоо быйыл болот деп жатышкандыгын, өзү болсо Конституциялык Сот качан деп аныктаса ошого даяр экенин билдирди.
Буга чейин Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидерлеринин бири Иса Өмүркулов келерки президенттик шайлоо эски Конституция боюнча быйыл октябрдын акыркы аптасында өтүшү керек деп, бул боюнча Конституциялык Сотко кайрылышы ыктымал экенин билдирген. Буга жооп кайтарган Жогорку Кенештин Конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Зайнидин Курманов Кыргызстандын мурдагы Баш мыйзамын Конституциялык Сот жокко чыгарганын эскертип, президенттик шайлоо жаңы Конституциянын чегинде өтөөрүн белгилеген эле .

2005-жылдын жазында элдин ошол кездеги бийликке нааразылыгы күчөп, өлкө түштүгүнөн тутанган элдик толкундоолор өлкө бийлигин алмаштырууга алып келген. Бул жылдын 24-мартындагы нааразылыктан улам ошол кездеги президент Аскар Акаев өлкөдөн чыгып кетип, андагы оппозициялык күчтөрдүн башында турган Курманбек Бакиев өлкө башчысынын милдетин аткаруучу болуп калган. Бул окуядан кийин өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыяланып, Курманбек Бакиев 2005-жылдын 10-июлунда Кыргызстандын президенттигине шайланган.

БШК бул шайлоодо Курманбек Бакиев жалпы шайлоочулардын 88, 65 пайыз добушу менен жеңишке жеткенин жарыялаган.

Өлкө баш мыйзамында келерки шайлоо 2010-жылы болору көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG