Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:47

К.Кошалиев: Ишкерлерди бийликке алып келүүдө өтө кылдаттык зарыл


Өлкөдөгү саясий-экономикалык абал, мамлекеттик жогорку кызматтардагы кадр алмашуу маселесинин тегерегинди “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна коомдук ишмер Кадыр Кошалиев жооп берди.

- Акыркы күндөрү бийлик да, оппозиция да жолугуп, маселелерди чогуу отуруп талкуулоого даяр экенин билдиришүүдө. Кандай ойлойсуз, булардын жолугушуусунан пайдалуу жыйынтык чыгабы?

- Чынын айтканда бул жакшы көрүнүш. Эл ичиндеги кадыр-барктуу аксакалдарыбыз ортого түшүп, кыргыздын салтына ылайык көптөгөн маселелерди тирешүү жолу менен эмес, сүйлөшүү, дипломатиялык, тынчтык жолу менен чечсеңер деп жакында ушул процесстин башталганы чындыгында жакшы көрүнүш. Бул бийлик үчүн да, оппозиция үчүн дагы керек. Себеби ар эки жылда эле Кыргызстан революция жасап, ошол жол менен кеткени бул опурталдуу, туура эмес. Эгерде эки тарап тең сүйлөшүү жолу менен туура чечим кабыл албаса, эл ушундай абалдан улам көтөрүлүп кеткенден кийин эки тарабын тең укпай коюшу мүмкүн, кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн. Андыктан бийликке дагы, оппозициядагы дагы бул сүйлөшүлөөр сөзсүз керек.

- Сиз жакында болгон кадр алмаштыруу саясатын сынга алып чыктыңыз эле. Айтсаңыз, президенттик администрация башчылыгына жана вице-премьер-министрлик кызматка ишкер адамдардын келүүсүн эмне себептен туура көрбөй турасыз?

- Чындыгында акыркы мезгилдеги кадр алмаштыруу, жайгаштыруу маселесинде бир топ позитивдүү дагы, менин көз карашымча, туура эмес да жагдайлар болду. Мисалы өтө проблемалуу, багы ачылбай келген социалдык тармакты аткаруу бийлигинде тажрыйбасы бар Өктөмкан Абдуллаева жетектеп келгени туура болду. Азыр экономикалык глобалдык кризис болуп келе жаткан учурда финансист Марат Султановдун кайра каржы министрлигине келиши, тышкы иштер министрлигине жаңы адам келиши да туура болду.

Ал эми ишкер чөйрөдөн, бизнесмендердин бийликтин жогорку эшалонуна көбүрөк аралашып жатышы бизге окшогон кедей мамлекеттер эмес, керек болсо өнүккөн мамлекеттерде дагы бул маселеге өтө кылдат карашат. Анткени ар бир ишкерде өзүнүн мүлкүн сактап калуу, же болбосо аны көбөйтүү инстинкти дайыма жашайт. Ошон үчүн кыргыздар айткан бай кут эмес, бий кут деп. Мисалы кантип өзүнүн мүлкүн көбөйтсөм, кантип миң сомду миллион сом кылам, кайсы ишимди кандай жүргүзсөм деген сыяктуу. Мындай мамиледен улам өз чөнтөгү менен мамлекеттик казынаны, ишти аралаштырып алышы мүмкүн. Ошон үчүн мен ойлойм, ишкер чөйрөдөн кадр тандаганда өтө этият болсо, албетте алардын арасында дагы эл, журт үчүн иштеп бере турган терең билимдүү адамдар болушу сөзсүз мүмкүн. Бирок андай болгон учурда анда биротоло бизнесин тапшырып, эл башкарууну кесип кылыш керек. Караңыздар, Жогорку Кеңеште, кечээ эле түзүлгөн Коомдук палатада, аткаруу бийлигинде канчалаган ишкер, байлар отурат. Менин пикиримде, бул жакшы көрүнүш эмес.

Бийликтин реформалык кадамдарынан жакшы жагы авиа базанын жабылышы болду деп эсептейм. Анан көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча чечим жакшы болду эле, бирок аткаруу бийлиги ушуну дагы тереңдетип иштесе жакшы болот эле.

- Маегиңизге рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG