Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

13-февраль: Тарых барактары


Жогорку Кеңештин 2006-жылдын 13-февраль күнкү жыйыны парламент спикери Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетүү туурасында жазган арызын талкуу менен өткөн.
Жогорку Кеңештин 2006-жылдын 13-февраль күнкү жыйыны парламент спикери Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетүү туурасында жазган арызын талкуу менен өткөн.

Жогорку Кеңештин 2006-жылдын 13-февраль күнкү жыйыны, парламент спикери Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетүү туурасында жазган арызын талкуу менен өткөн. «Бухгалтер» термини биринчи жолу жазуу түрүндө 1498-жылдын 13-февраль күнү колдонууга киргизилген.

Фергана областынын аскер губернатору 1896-жылдын 13-февралында Түркстан генерал-губернаторуна рапорт жолдогон. Аскер губернатору Анжыян жана Наманган уезддеринде өткөн жергиликтүү администрация жетекчилерин шайлоо, андан чыккан жаңжал туурасында кабар берет.

Анын пикирине караганда жаңжалдын чыгыш себеби, жергиликтүү сот системасынын кырдаалды жетик түшүнбөстүгүнүн жана орус бийлигинин Фергана өрөөнүндөгү көздөгөн саясатын эске албай жасагандыгынан улам жаралган.

Совет өкмөтү кыска аралыкта экономиканы коллективдештирүү жолуна түшүрүп, 1935-жылдын 13-февралында колхозчу ударниктердин II Бүткүл союздук съездин өткөргөн.

Кыргызстандык сүрөтчүлөр-А. Воронинин, А. Каменский жана З Хабибулин 1972-жылдын бул күндөрү Москва шаарынын Перов районунда курулган «Киргизия» кинотеатрын жасалгалаш үчүн Союздук борборго чакырылышкан. Жаңы кинотеатр 1275 орунга эсептелип, анын жасалгасына Кыргызстандан алынып келген айкел таштар колдонулган.

Кыргыз өкмөтүнүн 2003-жылдын 13-февралында өткөн кенен жыйынында 2002-жыл жыйынтыгы чыгарылып, 2003-жыл үчүн социалдык-экономикалык чаралар багыты белгиленген. Финансы министри Болот Абилдаевдин билдирүүсүнө караганда өлкө экономикасы 2002-жылы 4,7 % өскөн.

Жогорку Кеңештин 2006-жылдын 13-февраль күнкү жыйыны, парламент спикери Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетүү туурасында жазган арызын талкуу менен өткөн. Ага Жогорку Кеңеш төрагасынын президент Курманбек Бакиевдин адресине карата айткан бирканча осол салыштармалары себеп болгон.

Жогорку Кеңештин ушул эле күнкү жыйынында, парламент спикеринин орун басарлары-Болотбек Шерниязов менен Эркинбек Алымбековдор Өмүрбек Текебаевге тилектештигин билдирип, кызматтан кете тургандыгын айтышкан.

Византиянын айтылуу өкүмдары Юстиниан I 528-жылдын 13-февраль күнү он адамдан турган комиссия курган. Комиссия 529-жылдын 7-апрелинде Юстиниандын кодексин иштеп чыгып, коомчулукка жарыялоого жетишкен. Юстиниандын кодексинде императордун 1-6-кк. арасындагы токтомдору жана «Граждандык укук корпусу» киргизилген. Юстиниандын кодифкациясы европалык өлкөлөрдүн укук иштерине өрнөк болуп келген.

«Бухгалтер» термини биринчи жолу жазуу түрүндө 1498-жылдын 13-февраль күнү колдонууга киргизилген. Немец тилинде «бухгалтер» сөзү түз маанисинде «китеп кармагыч» маанисин туюнткан. Ыйык Рим империясынын императору Максимилиан I бул күнү Христофер Штехер аттуу адамды мамлекеттин докуметтерин тейлеген кызматка коюп, эми сен «бухгалтер болосуң» деген экен.

Айтылуу астроном Галилео Галилей инквизация айынан 1633-жылдын 13-февралында Римде камакка алынган.

Француз жазуучусу маркиз де Сад 1777-жылдын бул күнү камакка алынган. Ал абсалюттук эркиндикти жар салган, мораль, дин жана укукка чек койбогон адам болгон. Маркиз де Сад «адам үчүн жогорку баалуулук, ал анын керт башынын ырахаты», деп эсептеген.

Маркиздин башка адамдын жанын жыныстык жол менен оорутуп жана кордоо ыкмасы «садизм» деген аныктамага айланып, кийин «садизм» жана «садист» терминдери кеңири мааниде колдонууга алынган.

Биртууган Луи жана Август Люмерлер 1895-жылдын 13-апрелинде биринчи фотоаппаратты патенттешкен.

Улуу Британия өкмөтү 1917-жылдын 13-февралында аялдарга такси айдоого уруксат берген.

Айтылуу жазуучу Михаил Афанасьевич Булгаков 1940-жылдын 13-февралында «Мастер жана Маргарита» аттуу атактуу романын бүткөргөн.

«Мирный» аттуу советтик илимий станция 1956-жылдын 13-февраль күнү Антарктидадагы ишин баштаган.

КПСС Борбордук комитетинин 1956-жылдын 13-февраль күнү өткөн пленуму Н. С. Хрущевго «Жеке адамга сыйынуу культу жана анын кесепеттери аттуу» билдирүү менен жабык өтчү партиянын XX съездинде билдирүү жасоого уруксат берген.

Айтылуу жазуучу А. И. Солженицын 1974-жылдын 13-февралында камакка алынган. Лефортово түрмөсүнө бир түнөгөн жазуучу СССР Жогорку кеңешинин Президиумунун Жардыгына ылайык Советтер Союзунун граждандыгынан айрылган.

КПСС Борбордук комитетинин 1984-жылдын 13-февралында Кезексиз чакырылган Пленумунда КПСС Бкнын Генералдык секретардык кызматына 72 жаштагы Константин Черненко дайындалган. Кремлде аны «Да, Леонид Ильич» деген шакаба ысым менен аташып, мамлекеттик деңгээлде К. Черненконун кадыр-баркы болгон эмес.

Айтылуу француз саясатчысы, мамлекеттик ишмер, дипломат жана Франциянын тышкы иштер министри Шарль Морис Талейран 1754-жылдын 13-февралында жарык дүйнөгө келген. Атактуу саясатчы «согуш аябагандай маанилүү иш болгондуктан, аны аскер адамдарга ишенип тапшыруу мүмкүн» эмес деп айтчу экен.

Теңдешсиз орус тамсилчиси Иван Андреевич Крылов 1769-жылдын 13-февралында жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG