Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:43

Пакистан Мумбай чабуулу үчүн «жооп бере баштады»


Рехман Малик Мумбайдагы чабуулдар боюнча иликтөөнүн жыйынтыктарын айтып жатат, 12-февраль, 2009
Рехман Малик Мумбайдагы чабуулдар боюнча иликтөөнүн жыйынтыктарын айтып жатат, 12-февраль, 2009

Былтыр Мумбайдагы чабуулдар Пакистанда уюштурулганын алгачкы ирет расмий Исламабад мойнуна алды. Буга чейин Индиянын айыптоолорун четке кагып келген Пакистан, Мумбайдагы чабуулдарды «уюштурган болушу мүмкүн» деп шектелгендерди камаганын айтты.

Мумбай чабуулдарын иликтөөнүн жыйынтыктары жөнүндө сүйлөп жатып, Пакистандын Ички иштер министрлигинин өкүлү Рехман Малик террорчулардын Пакистан менен байланышы бар экени аныкталганын айтты. «Азырынча бизге жеткен маалыматтын негизинде айтаарыбыз - жашыруун кылмыштын бир бөлүгү Пакистанда даярдалган, - деп айтты ал. - Аны уюштургандардын көпчүлүгү камакка отургузулду».

Ишине тыйуу салынган «Лашкар-е-Тайба» деген жикчилердин тобу Мумбайга чабуул жасоого тартылган деп айтылды.

Бүгүнкү билдирүү Индия Пакистанды Мумбай чабуулдарын дурус иликтебей жатат деп айыптагандан кийин айтылып отурат. Пакистандын Ички иштер министрлигинин өкүлү азыркы иликтөөлөрдүн жыйынтыктары Индия өкмөтүнө да жиберилгенин кошумчалады. Пакистан Индияны ал террор чабуулуна тийиштүү адамдарды жазалоодо жардамга да чакыргансыды.

Исламабаддык комментатор Заид Хуссейн «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, бул күнкү айтылгандарды «чоң жетишкендик» деди.

«Пакистан чындап эле Мумбай чабуулдарын жакшылап иликтегенге кызыкдар экенин көрсөттү жана иликтөөнү өткөрдү. Бул – чоң жетишкендик. Алар чабуулду уюштурган негизги кылмышкерлерди камакка отургузушту. Анан ошол чабуулдар Пакистанда пландалганын алгачкы ирет айтып чыгышты».

Аналитик Заид Хуссейн улам эле Пакистанды Мумбай чабуулдарын иликтөөгө кызыкдар эмес деп айыптап келген Индияга да эми бул иликтөөнүн жыйынтыгына канааттанат деп ойлойт: «Иликтөөнүн азыркы жыйынтыктары Индияны да канааттандырышы керек, - деп ойлойт аналитик. - Анткени ошол карасанатайлыкка катыштыгы бар деп шектелгендер түрмөгө отургузулду. Анын үстүнө Пакистан да чабуулдар өзүнүн аймагында уюштурулганын, 10 террорчунун сегизи Пакистандан чыкканын мойнуна алды».

Индиянын маалымат каражаттары билдиришкендей, азырынча расмий Нью-Дели тарабынан буга карата ачык билдирүү боло элек. Индиянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү анын өлкөсү пакистандыктардын иликтөөсүнүн жыйынтыгын жакшылап изилдеп көрүп, анан расмий билдирүү таратаарын билдирди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG