Бүткүл россиялык биринчи калк саноонун жыйынтыгы 1897-жылдын бул күндөрү коомчулукка белгилүү болгон. Статистикалык маалыматта көрсөтүлгөндөй, Кыргызстан аймагында Пишпек, Пржевальск жана Ош шаарлары орун алган. Асыресе, Пишпектин уюшулуш жашы жана калкынын саны боюнча чакан шаар катарына кирген. Пишпек шаарында болгону 6615 адам жашап, алардын көпчүлүгү аскер, мамлекеттик кызматчылар, соодагер жана усталар болгон. Аз сандагы дыйкандар шаар сыртындагы чарбаларда эмгектенишип, шаардыктарды мөмө, жемиштер менен камсыздап турушкан.
Мындан туура 81 жыл мурун Фрунзе шаарындагы жумушчулардын Борбордук клубунда Кыргызстандын тарыхында буга чейин болуп көрбөгөн сот иши уланган. «Он жетичинин иши» аталган сотто, 1918-1925-жылдары кыргыз кембегалдарынын «Кошчу» союзун жетектеген Рахманкул Кудайкулов менен Пишпек шаарынын биринчи секретары Дүйшөнаалы Бабахановдордун иши каралган. Аларды сот жообуна тартууга ВКП (б) Борбордук комитетинин саясий бюросу көрсөтмө берип, ал СССР тарыхында мамлекеттик-партиялык жогорку кызматчыларды сот жообуна тарткан биринчи окуя болуп калган. Кырк бир жаштагы Рахманкул Кудайкуловго «фашисттик» «Ур токмок» уюмун уюштурду деп, Дүйшөнаалы Бабахановго болсо, кедейлерди мазактап, манаптарга жан тартат деген айып коюлган.
Кыргызстанда Совет бийлиги орногондон кийин калкты социалдык жактан камсыздоо иши акырындык менен ийгиликтүү ишке ашырыла баштаган. Өлкө аймагында мындай объекттин бири - 1928-жылдын 16-февралында Ысык-Көлдө ачылган санаторий эсептелинет. Санаторийде социалисттик өндүрүштө эмгектенген жумушчу жана дыйкандардын эс алып, ден соолугун чыңдоо жагы каралган.
Кыргыз ССР Жогорку Советине шайлоо 1947-жылдын 16-февралында өткөрүлүп, партиялык маалымдоо каражаттары «шайлоо болуп көрбөгөндөй саясий активдүүлүк жагдайда жана демократиялык шарапатта өткөндүгүн» жазып чыгышкан.
Белгилүү кинодраматург жана жазуучу, кадимки «Бакайдын жайыты» кинофильминин сценарийин жазган Кадыркул Өмүркулов жарык дүйнөгө келген.
Корея Элдик Демократиялык Республикасы бүгүн Ким Чен Ирдин күнүн белгилейт. Ким Чен Ирдин күнү 1995-жылдан бери майрамдалып келет.
Адамзат тарыхына олуттуу из калтырган Помпей шаары 63-жылдын 16-февралында катуу жер титирөөгө дуушар болгон.
Айтылуу Би-Би-Си радиостанциясы 1944-жылдын 16-февралында мектеп балдары үчүн дүйнөдөгү биринчи окуу программасын иштеп чыга тургандыгын билдирген.
Советтер Союзундагы партиялык билетти алмаштыруу башталганда 1973-жылдын 16-февраль күнү Ленинге № 1 билет жазылып, ал эми Брежневге №2 партбилет тапшырылган.
Айтылуу англис психологу жана антрополог Фрэнсис Гальтон 1922-жылдын 16-февралында жарык дүйнөгө келген. Ал антропология жана психология илимдерине биометрия, дифферциалдык психология жана евгеника ыкмаларын киргизген. Айтылуу антрополог адам коомунун өнүгүү мыйзамы биологиядагы табигый тандоого ылайык өрчүй тургандыгын иликтеген.
Советтер Союзунун маршалы, граждандык согуштун каарманы жана СССР Коргоо наркомунун орун басары Михаил Николаевич Тухачевский 1893-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал Сталинге каршы кутум уюштурган деген жалган жалаа менен айыпталып камакка алынган. НКВДнын кыйноосуна чыдабай күнөөнү мойнуна алып, атылып кеткен.
Дүйнөнүн тамак-аш тармагын өзгөрткөн калифорниялык ресторатор Ричард Макдональд 1909-жылдын 16 февралында бул дүйнөгө келген. Морис аттуу иниси менен биргеликте, ал адегенде Сан-Бернардино шаарында ыкчам тейлөө ресторанын ачкан. Куурулган картошка менен котлеттен жасалган гамбургер тез арада кардарлардын жактырган тамагына айланган. Макдональддын идеясын Рэй Кок атту адам илип алып, 1954-жылы бүткүл дүйнөгө McDonald`s аталыштагы ыкчам тейлөө ресторандарын таратып баштаган.