Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:56

НАТОнун жумушчу жыйыны


Краков -- Польшанын коргоо министри Богдан Клих (солдо) жана НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер.19-февраль 2009-жыл.
Краков -- Польшанын коргоо министри Богдан Клих (солдо) жана НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер.19-февраль 2009-жыл.

НАТОлук өлкөлөрдүн коргоо министрлери Польшанын Краков шаарында эки күндүк жумушчу жолугушуу өткөрүшөт. Альянстын өкүлү жыйында Ооганстан талкуулардын башкы темасы болорун бышыктады.

Жыйынга НАТОнун 26 өлкөсүнөн тышкары алянска мүчө болууга камынып жаткан Албания менен Хорватиянын коргоо министрлери да катышат. Жума күнкү кеңешмелерге Украина менен Грузиянын өкүлдөрү чакырылган.

НАТОнун басма сөз катчысы Жеймс Аппатурай жолугушууда Ооганстан башкы тема болгону жатканын, ал эки кеңешмеде - адегенде альянстын министрлер жыйынында, андан соң эл аралык коалицияга кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен өткөрүлө турган чогулушта караларын маалымдады.

Талкууларга ооган министри, Улуттар Уюмунун өкүлү катышат. АКШнын өкүлдөрү өздөрүнүн жаңыланганы жаткан стратегиясынын ток этер багыттарын баяндап бериши мүмкүн. Жалпысынан Ооганстанда быйыл августта боло турган президенттик шайлоодо коопсуздукту камсыз кылуу жолдору каралат.

Президент Барак Обама Ооганстанды террорго каршы күрөштүн башкы майданы деп жарыялап,бул өлкөгө быйыл кошумча 17 миң контингент киргизүүгө көрсөтмө берди. Вашингтондогу маалымат жыйынында Ооганстандагы күчтөрдүн командачысы генерал Дэвид Маккирнан кошумча аскерлердин көпчүлүк бөлүгү түштүк аймактарга, коопсуздук күчтөрү жетишсиз болуп жаткан райондорго жайгаштырыла турганын билдирди.

Маккирнан Ооганстанда козголоңчулардын каршылыгы туруктуу мүнөзгө айланганын, алар ар кошкон топтордон турарын, кээде аларга “Ал-Каида” өңдүү уюмдар көмөктөшүп жатканын моюнга алды. Башкы командачы быйылкы жыл кыйын болорун дагы бир жолу эскертти.

Пентагондун башчысы Роберт Гейтс Краковдогу жыйында НАТОлук союздаштарга кайрылып, августтагы шайлоого байланыштуу Ооганстандагы күчтөрүн кыска убакытка болсо да көбөйтүүнү сурана турганын жолугушууга келаткан жолдо айткан эле.

Альянстын баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер 2009-жылдагы операциялар үчүн АКШнын аскерлери жаңы күчтөр менен толуктала турганын айтып, альянстын башка мүчөлөрү да мүмкүн болгон жерлерде өз күчтөрүн чыңдарына,жарандык кызматташтык жана кайра куруу иштерине жардамдашарына бекем үмүт билдирди.

Жолугушуунун эртеңки жыйындары Грузия жана Украина менен НАТОнун кызматташтыгына, алардын келечегине арналат.Бул күнү НАТО-Украина,НАТО-Грузия комиссияларынын кеңешмелери өтөт.

Краковдо мындан тышкары эмдиги айда Брюсселде өтө турган НАТОнун саммитине байланыштуу маселелер каралат.

”Эгер тышкы иштер министрлери марттагы кеңешмеде НАТО-Россия мамилелерине да кайрылып калыша турган болсо мен буга таң калбайм,- деп айтты Схеффер. - Анын үстүнө былтыр декабрдагы жыйында алар Россия менен акырындап алакаларды калыбына келтирүүнү суранышкан. Мен да муну зарыл деп эсептейм”.

XS
SM
MD
LG