Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Анна Политковскаяны өлтүрдү деген адамдар акталды


Ибрагим Махмудов-сот аны журналист Анна Политковскаяны өлтүрүүгө тиешеси жок деп акталгандан кийин, Москва, 19-феврлаь
Ибрагим Махмудов-сот аны журналист Анна Политковскаяны өлтүрүүгө тиешеси жок деп акталгандан кийин, Москва, 19-феврлаь

Анна Политковскаяны өлтүргөн деп шектелип жаткан 3 адамды калыстар соту актап чыкты. Кремль саясатын тайманбай сындап келген "Новая газетанын» кабарчысын 2006-жылы үйүнүн алдынан атып кетишкен.

Сот бир туугандар Жабраил жана Ибрагим Махмудовдорду, ошондой эле милициянын мурдакы офицери Сергей Хаджикурбановду күнөөлүү эмес деп тапты. Алардын күнөөсү далилденсе, үчөө тең өлүм жазасына кесилмек. Федералдык коопсуздук кызматынын мурдакы агенти Павел Рягузов да Анна Политковскаяны өлтүрүүгө эч кандай катыштыгы жок деп акталды.

«Калыстар соту бул кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды. Калыстар соту аларга берилген 20 суроонун 19 суроосуна жок дешип, тескери жооп айтышты. Ошентип коргонуучулар эки иш боюнча тең акталды. Чечимге ылайык, сот аларды актады жана коргонуучулар сот залынан эле бошотулду»,- деп жарыялады соттун өкүлү Александр Меченовский.

Кубанычы койнуна батпаган Жабраил Махмудов: «Аллага тобо. Биз өтө чоң кубанычтабыз. Биз үчүн тынчсызданган адамдарга ыраазыбыз» деди кабарчыларга эркиндик алгандан кийин.

Мамлекеттик айыптоочу мыйзамга таянып, соттун өкүмүн кайра кароону талап кылаарын билдирди.

Москва округдук аскерий сотунун өкүмү тергөө башынан эле чоң кемчиликтер менен жүрүүдө, чыныгы кылмышкерлер сайран куруп эркин жүрүшөт деп Россиянын маалымат каражаттары төгүн жазышпаганын ырастады.

Москвадагы "Журналистер экстремалдык жагдайда" борборунун башчысы Олег Панфиловдун айтышынча, Кремлдин талыкпаган сынчысы Политковскаяны өлтүрүүгө бийлик өкүлдөрү аралашкандыктан, ал сот аягына чыгарына ишенген эмес.

«Менимче, калыстар соту өзүн Россиядагы демократиянын эми өнүп келаткан бүчүрү сыяктуу көрсөттү. Себеби бир сотту коркутса, же ага пара берсе же кызмат берсе болот. Бирок калыстар сотунун бардык мүчөлөрүн ынандыруу өтө кыйын», - дейт Панфилов.

Мамлекеттик айыптоочу келтирген далилдердин кыйрап калуусу, адистер менен талдоочулардын пикиринче, аларга бийлик тараптан кысым болгонун күбөлөйт. Адам укугун коргоочу «Мемориал» борборунун өкүлү Александр Черкасовдун айтышынча, бийлик адамдарынын кысымына байланыштуу мамлекеттик айыптоочу айрым маанилүү фактыларды түшүрүп койууга аргасыз болгон.

«2006-жылдын октябрында болгон окуяларды кеңири ачып берчү далилдердин көбүн кароодон тергөөчү жана сот баш тартканы жөнүндө жабыркаган тараптын адвокаты жана «Новая газетанын» өкүлдөрү айтып беришкен»,- деп эскерет Чекасов.

Адистердин айтышынча, кылмыш иши таштан кынаптап курулган там сыяктуу. Андай тамдын бир эле ташын алып койсо, ал кыйрап калат.

XS
SM
MD
LG