Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:01

Клинтон Кытай менен алаканы бекемдөөгө чакырды


Клинтон Бейжинде кытай өкүлү менен
Клинтон Бейжинде кытай өкүлү менен

Хилари Клинтон Кошмо Штаттары Кытай менен алакасын тереңдетип, кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Бул АКШнын мамкатчысы катары Клинтондун алгачкы чет элдик сапары.

Клинтондун айтымында, экономика, климаттын өзгөрүшү жана коопсуздук маселелеринде Вашингтон менен Бейжиндин кызматташтыгы чоң мааниге ээ.

Бейжинде Кытайдын тышкы иштер министри Ян Ц Зечи менен өткөргөн маалымат жыйынында Клинтон Кошмо Штаттары жана Кытай бир катар олуттуу чукул маселелер боюнча кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүшү керек деп айтты:

– Дүйнөлүк окуялар биздин ишибизди көбөйтүп, милдеттерибизди оорлотуп жаткандыгында шек жок. Аларды чечкенде Кошмо Штаттары Кытай менен позитивдүү, шериктеш мамиле түзүүнү каалайт. Анткени бул эки өлкөдөгү жана дүйнөдөгү тынчтыктын, прогресстин жана бакыбат турмуштун келечеги үчүн маанилүү.

Экономика жаатында Ян Ц Зечи эки тарап финансылык кризис менен күрөшүп, протекционизмден алыс болууга макулдашышканын бышыктады. Ал эми Клинтон АКШнын казна кагаздары кирешелүү инвестиция бойдон кала берет деп ишендирди:

- Кытай өкмөтүнүн АКШнын казна кагаздарына ишенимден тайбаганы мени өзгөчө кубандырат. Менин пикиримде бул ишенимге олуттуу негиз бар. Кошмо Штаттары жана Кытай кризистен чогуу чыкканга аракеттенип, глобалдык кризис менен чогуу күрөшөбүз.

Клинтон ошондой эле Ян менен адам укуктарын талкуулаганын тастактады. Бейжинге келээрден мурда Клинтон "адам укуктары, Тайван жана Тибет боюнча Кытай менен талкуу башка маселелерде мунасага келүүгө бөгөт болбойт" деп айткан.

АКШнын мамкатчысы бүгүн климаттын өзгөрүшү менен күрөш да чоң мааниге ээ экендигин белгиледи. Жер абасын ысыткандардын арасында кийинки кездери Кытай АКШдан озуп өтүп, биринчи орунга чыкты.

Бейжин Клинтондун бир жумалык Азия сапарындагы акыркы шаар болуп калды. Ал буга чейин Жапонияда, Индонезияда жана Түштүк Кореяда болду.

XS
SM
MD
LG