Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Европа Биримдиги Түркмөнстанды жандай баштады


Альтернативдүү энергия булактары жаатындагы ой-кыялдарынан чарчагандай эле болгон Европа Биримдиги – соңку кездери жигит кызды жандагандай эле Түркмөнстанды өзүнө имерүү аракетине өттү.

Бирок Ашхабадды кылтакка илүү максатына жетиш үчүн Брюсселге адам укуктары жаатындагы принциптеринен атташ керек болот өңдүү.

Ушул тапта абдан чоң өлчөмдөгү табигый-газ запастары белен турган Түркмөнстан газга зарыгып турган Европа Биримдигинин "Набукко" (Nabukko) газ кууру долбоорун ишке ашыра ала тургандай ыңгайлуу турумда. Бирок Ашхабадды Каспий деңизи аркылуу газды Түркиядагы газ түтүктөрүнө жиберүүгө ынандыруу үчүн, Европа Биримдиги Түркмөнстандын адам укуктары жаатындагы кейиштүү абалына көз жумууга мажбур болушу мүмкүн деген кооптонуулар бар.

Ошентсе да конкреттүү сунуштарды күтүп аткан Түркмөнстан менен газ кууру жаатында айрым келишимдер да пайда болду. Жакында эле Евробиримдикке төрагалык кылып жаткан Чехиянын премьер-министри Мирек Тополанек Түркмөнстанга барып, бул багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Башкача айтканда, Еврокомиссия “Убактылуу соода келишими” деп аталган документти Түркмөнстан менен такташты. Түркмөнстандагы адам укуктары жаатындагы абалдын оорлугунан улам Европа парламенти 2006-жылдан бери бул документти өткөрбөй келген. Эми бул келишим муз ордунан жылганын көргөзмөк.

Ашхабадка багытталган былтыркы резолюцияда бир катар талаптар, алардын ичинде өлкөдө эл аралык Кызыл крест коомунун, эл аралык уюмдардын иштөөсүнө уруксат берүү каралган эле.

Ал эми Европа Биримдигинин “Набукко” долбоорунун айынан Украина менен Орусияда абдан кызуу талкуулар болуп, Түркмөнстан менен батыштын ортосунда далдалчылык милтетти колго алуу аракети күчөдү. Тышкы иштер боюнча Европа комиссары Бенито Ферреронун айтымында, эгерде Европа Биримдиги келишимдик мамилелерин жаңылоо аркылуу ишке тез арада аралашпаса, анда башка оюнчулар аталган аймакта озунуп аракет кылары шексиз. Ал Европаны ар кыл тараптан энергия булактары менен камсыздоо жолдорун көбөйтүү керектиги жазылган мындай катын Евро парламенттин Соода комитетинин төрагасы Гельмут Марковго жиберип, “Набукко” долбоорун тез арада баштоого үндөйт.

Ошентсе да Гельмут Марковдун пикиринде, алгач газ кууру долбоору башталардан мурда Түркмөнстан чындап эле адам укуктары жаатында жылыштарды көргөзүшү керек:

- Түркмөнстан жаңы президентинин жетегинде жаңы башталыштарды жасоодо. Бирок биз өлкөнүн адам укуктары жаатындагы абалы дале болсо жетиштүү деңгээлде эмес деп ойлойбуз. Андыктан, биз азырынча келишимди баштайбыз деп айта албайбыз.

Ошентип, талаш-тартыштарга карабай Европа Биримдиги Түркмөнстандын президенти социалдык жана экономикалык реформаларга, ички жана тышкы саясатын өзгөртүүгө бара ала турган ниетин көрсөтүп жатканын айтып, газ долбоорун ишке ашырууга аракет кылууда.

XS
SM
MD
LG