Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:29

“Ата Мекен”: Жазда же күздө чоң толкундоолор чыгышы мүмкүн


“Ата Мекен” партиясынын Жалал-Абат облусундагы уюмунун теңтөрагасы Советалы Сеитбеков “Азаттыкка” курган маегинде президенттик эмки шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолот деген тынчсыздануусун бөлүштү. Анын пикиринде шайлоо калыс, ачык-айкын өтпөй турган болсо, өлкөдө кырдаал курчуй тургандыгы турган иш.

- Советалы мырза, оппозициянын эмки президенттик шайлоого мамилеси кандай?

- Шайлоо боло турган болсо, азыркы күңдө оппозиция ага ачыктан-ачык эле даярданып атат. Оппозиция өзүнүн өкүлдөрүн көрсөтөт, бир чечимге келебиз жакын арада. Бирок биз билебиз, шайлоо мурдагыдай эле фальсификация жолу менен өтөт. Бирок элдин чыдамы кетип бүттү бүгүнкү күндө. Чоң толкундоолорго барышы мүмкүн. Азыркы бийликтин, Акаевдин бийлигинен айырмасы ушунда, мыйзамсыз болсо дагы Акаевди кууп чыккан күнү Бакиев мыйзамсыз отурган. Ишенбай Кадырбеков отуруш керек болчу, анан башка өкүлдөр өздөрүнүн кандидаттарын коюп туруп, президент шайланыш керек болчу. Акаевдин артыкчылыгы кетип атканда бир ок атылбасын деп кеткен. Азыркы бийлик көтөрүлүш болсо атабыз деп атышат. Муну кандай түшүнсөк болот? Азыркы күндө армияны дагы ички иштерге аралаштырганга закон кабыл алып койду. Бул өтө опурталдуу. Жазда, же күздө өтө чоң көтөрүлүш болуп кетиши мүмкүн. Себеби элдин ичиндеги сөз ушундай азыр.

- Сиз божомолдогон президенттик шайлоодогу чыр-чатактарды тынчтык менен чечүүнүн,андай опурталдуу жагдайлардын алдын алуунун жолдору барбы?


- Тынчтык жолу менен чечүүгө шарттар бар. Эгерде Бакиевди чындап эл колдогон болсо, биз куттукташыбыз мүмкүн ал кишини. Бирок мен 100 пайыз кепилдик бере алам, эл колдобойт, мурдагыдай эле фальсификацияга барат, күч колдонот. Мына азыркы күндөн баштап эле оппозиция лидерлерине иш козгоп, балдарын, туугандарын камап, ар түрдүү ыплас жолго кеткенине караганда мунун аягы өтө чыр-чатак менен бүтүшү мүмкүн.

- Буга дейре президентти мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүү талабын койгон БЭК Бакиев шайлоого катышам дегенден кийин ал талабын өзгөртө элекби?

- Ошондой эле талапта турат. Эгерде чындап таза жол менен барам десе Бакиев, анда ал талапты биз алып коюшубуз деле мүмкүн. Таза жол менен барса биз таза жол менен утуп алабыз. Ага мен 100 пайыз ишенем, биз элдин ичинде жүрөбүз да, алар Ак үйдө кошоматчыларына ишенип гана отурат, чыныгы элдин пикири менен эсептешкен эч ким жок. Акаевди дагы кошоматчылары жайлаган, Бакиевди дагы кошоматчылары жайлайт. Мен Акаевди жакшы киши дечү элем, Бакиев кандай киши экенин билбейм, бирок түбүнө ошол кошоматчылары жетет.

- Элет калкы бийликке кандай көз карашта болууда?

- Эл таптакыр эле ишенбей калды. Калп сөздөр төрт жылдан бери болуп келатат. Бүгүн көп адамдар менен сүйлөштүк, баары эле нааразы, кезектеги эле алдоо.

- Президенттин кадр саясаты сизди канааттандырабы?

- Конкреттүү кадрларды алмаштырыш керек болчу. Башкаларын билбейм, Ө.Бабановду мен сыйлайм. Ал алты ай иштегенден кийин өзү кетип калат. Себеби А.Атамбаев айтпадыбы: “Ал эмнени чечмек эле, мен ал кухняны көрүп чыктым, чече турган адамдар таптакыр башка, ал жөн эле адашып барып алды, 6-7 айдын ичинде өзү кетет” деп.

- Айыл калкы БЭКти колдойт деген ишеним каяктан?

- БЭКтин коюп аткан талабын, максатын баардыгы колдой баштады. Мен ойлоп атам, Бакиевге так маалымат жетпейт деп. Себеби элдин ичиндеги жашоо таптакыр башкача, кызматкерлердин иши, дүжүр чалдардын, дүжүр аялдардын иши таптакыр башкача болуп калды. Ошондуктан мөөнөтүнөн мурда кеткендиги өтө туура болот. Себеби Акаевдин кеткендигинен дагы өтө кайгылуу болуп калышы мүмкүн.

- Маегиңизге чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG