- Топчубек мырза, сиз, дегеле оппозиция сындап жүргөн министрлерди, бир топ мамлекеттик кызматкерлерди президент жумуштан бошотподубу. Эми ушул кадрдык жаңылануудан кийин мамлекет саясаты жакшырат деп ойлойсузбу?
- Жакшы жыйынтык болбойт. Себеби бул азыр элдин көзүн дагы бир жолу боеп, алдайм деп атат, топ-топ кылып кетирип, кетиргенде дагы эч себебин айтпай. Кээ бирлери Арстанбек Ногоевге окшогондор батышта көргөзмөдө жүргөндө чакырбастан туруп, айтпастан туруп кызматтан шыпырып атат. Бир ууруларды экинчи уурулар менен, бир шүмшүктөрдү экинчи шүмшүктөр менен алмаштырып койгондон эч нерсе чыкпайт.
- БЭК энергетика тармагы сатылбасын деп атасыздар. Адистер болсо бул тармак Кыргызстанда өзүн-өзү актай албай калды, башка ылаажы жок деп атат. Балким сатуу дагы бир ыңгайлуу жолдур?
- Сатса, Казакстан 90-жылдардын башында жеке менчикке сатып туруп элге ондогон эсе бааны кымбаттаткан. Так ошондой болот. Анда Кыргызстанда бир саат электр энергиянын баасы бүгүнкүдөй 72 тыйын эмес, 2 сомдун айланасына чыгат дагы, ал эки өндүрүш мекемелерине андан дагы көп болот. Анда биз Кыргызстан кризис эмес, ого бетер депрессияга учурайбыз.
-Ушунун алдын алуу боюнча кандай БЭКтин кандай конкреттүү программалары бар?
- Оппозиция эмес, жалпы эл айтса дагы булар теңирден тескери иш кылып атат. Биз буга каршыбыз. Бирок Бакиевдер пайда чыга турган жердин бардыгын булар колго алып атат. Мына биздин ыйык жерибиз Ысык-Көлдүн түштүк жагын дагы сатып атышат.
- Токтотуу мүмкүнбү?
- Жок, азыр мүмкүн эмес токтотуу. Андыктан Бакиев баш болгон бийликти оодарыш керек.
- Сиз Акаев убагында дагы, Бакиев убагында дагы президенттер менен башында ымалалаш болуп, бир пикирде жүрүп эле, кийинчерээк аларды сындап калып атасыз. Дегеле президенттерге эмнеңизден жаздыңыз?
- Мен Бакиевдин учурунда дагы, Акаевдин учурунда дагы мамлекеттик кызматта болгон эмесмин. Экөөнү тең 3 жылдын ичинде колдогом. Үмүтүм үзүлгөңдө, биротоло ишеничим кеткенде Акаевге каршы биринчилерден болуп мен оппозициялык жолго түшкөм, Бакиевге каршы дагы. Өзгөчө 16-декабрдагы эң ыплас, эң чатак шайлоодон кийин биротоло үмүтүм үзүлдү.
- Маегиңизге рахмат.