Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:39

Вашингтондон кат: Б. Обаманын президенттик биринчи айы


"Вашингтондон кат" деп аталган жаңы рубриканы сунуш этебиз. Анын биринчи санында "Азаттыктын" кабарчысы Хезер Маер АКШнын президенти Барак Обаманын кызматтагы биринчи айына сереп салат.

Уэлстик акын Дилан Томас бир ирет "Вашингтон шаар эмес, абстракция деп айткан. Метрополиядан сырткары жашаган 296 миллион америкалык үчүн Вашингтон чынында да, шаар эмес. Ал өлкөнүн көйгөйлөрүн чечүү менен эмес, саясий оюндар менен алектенгендердин жери.

Мына ушул жерге иштин мындай усулун өзгөртүүгө, бийликтердин карапайым элдин ахвалы менен иши жок деп ойлогондорду үмүттөндүрүүгө сөз берген Барак Обама 20-январда келди.

Кошмо Штаттарында тарыхчылар президенттин алгачкы 100 күндүк ишин өтө маанилүү деп эсептешет. Бул тууралуу атайын китептер жазылганы да ошондон. Бирок Вашингтондо жаңы президенттин ар бир кадамына тыкыр көзөмөл биринчи күндөн башталат.

Обама чү дегенде эле камчы салдырган жок. Экономиканы кайра кыймылга келтирүү максатын көздөгөн 800 миллиард доллардык планы менен тааныштырганда ал Конгресске барып, оппозициядагы республикачылар менен жолугушуу өткөрдү. Көп өтпөй републикачылардын бир нечесин Ак үйгө коктейлге чакырды.

Анын аралыгында, күндө улам "миңдеген киши жумушунан айрылды, банктар карызын төлөй албагандардын үйлөрүн алып койду" деген кабарлар түшүп жатты.

Мен өзүм Чикагодонмун. Январда ал жакка барганымда, дүкөндөрдүн текчелери бош калганын, жумушсуздар көчөдө кайыр сурап турганын, шаардын чет-жакаларындагы үйлөрдүн алдында "Сатылат" деген жарнамалар көбөйгөнүн көрдүм.

Америкалыктар тез жардамга муктаж экендигинде күмөн жок эле. Бирок Вашингтондо республикачылар Обаманын куткаруу планында "сарптоолор көп экен, салыктар аз эле азайтылыптыр" деп чыр салышты. План Конгрессте өтүп кетти, себеби демократтар эки палатада тең ишенимдүү көпчүлүккө ээ.

Пландын соңку долбоорунда республикачылар сураган чаралардын айрымдары, анын ичинде сарптоолорду 100 миллиард долларга кыскартуу сунушу камтылды. Ошого карабастан, республикачыл мыйзамгерлер жолдо кезиккен ар бир журналистке "Президент планды түзүүгө бизди катыштырган жок, биздин сунуштарды кулагынын сыртынан кетирди" деп даттанышты.

Алар экс-президент Жорж Буштун "Мен бардык сунуштарды угам, бирок чечимди өзүм кабыл алам" деп айтканын тез эле унутуп калышты. Жыгылган күрөшкө тойбойт турбайбы. Сегиз жыл бийликте тургандан кийин азчылыкта калыш оңой эмес окшобойбу.

Уу-дуу күчөгөнү менен жетекчи сабырдан тайган жок. Ал Американын элине берген убадаларын бир четинен аткарып жатты: тактап айтканда, куткаруу планын Конгресстен өткөрдү, каршы тараптан кеп-кеңеш сурады, азыр эми өлкөнүн тарыхындагы эң бир татаал кыйынчылыктарды жеңип чыгуу багытындагы ишин улантууда.

Конгресстен өткөн куткаруу планы анын алдына кол койууга келгенде, Обама Ак үйдө салтанат өткөрүп, ага демократтарды жана планды колдогон үч республикачыны чакырган жок.

Анын ордуна учагына минип, Вашингтондон учуп кетти. Батыштагы Денвер штатына келип, карапайым америкалыктар толгон залда "Американын келечектен үмүтүн өчүрбөө үчүн чечүүчү жумушту баштадык" деп жарыялады.

Анан отуруп, планга кол койду. Жетекчи деген ушул белем. Айтмакчы, президенттик алгачкы 100 күндүн дагы 70 күнү али алдыда.

XS
SM
MD
LG