Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Валюта кору "кош стандартка жол бербейт"


Украинанын президенти Ющенко (солдо) Брюсселде, 4-февраль, 2009
Украинанын президенти Ющенко (солдо) Брюсселде, 4-февраль, 2009

АКШ президенти Барак Обама 787 млрд. доллардык экономиканы колдоо программасына кол койду. Британия да өз банктарына миллиарддаган фунт стерлинг сарптап жатат. Франция болсо жеңил машина чыгаруучуларын колдоодо.

Бул чаралар артка чегинүүнү токтотуп, экономиканын дымып калышын токтотобу, бул азырынча белгисиз. Бирок билермандар экономиканын кыймылга келиши үчүн өнүккөн өлкөлөрдүн акча сарптаганын туура деп жатышат. Ал эми экономикалык кризистен айрыкча жапа чеккен Украина менен Латвия сыяктуу мамлекеттер Эл аралык Валюта коруна кайрылууга мажбур болушууда. Бирок Валюта корунан акча алыш үчүн, алар Батыш өлкөлөрүнүн учурдагы экономикалык саясатына карама-каршы саясат жүргүзүшү керек. Бул кош стандарт эмеспи?

Кошмо Штаттары жана Британия сыяктуу өлкөлөрдүн экономиканы көтөрмөлөөгө ири көлөмдө каражат бөлүүгө чамасы жетет.

Ал эми Украина жана Латвия өңдөнгөн мамлекеттер улам өсүп жаткан карызын төлөй албай кыйналууда. Анткени алар буга чейин эле чет өлкөлүк банктардан көп карыз алып коюшкан, азыр эми бюджеттин тартыштыгынын дагы өсүшүнө жол бере алышпайт. Же баалуу кагаз басып чыгаралы дешсе, чет элдик инвесторлор аларга анчейин кызыкпай калышты. Ал эми жөн эле акча басып чыгара беришсе, инфлияция өсүп кетет.

Натыйжада бул өлкөлөр экономиканы стимулдаштырууга жетиштүү каражат таба албай кыйналышууда. Дал ушул кырдаалда Эл аралык Валюта кору жардамга келе алат.

Давид Холей Кордун Вашингтондогу маалымат катчысы. Анын айтымында, кордун насыясы Украина сыяктуу өлкөлөргө болгон инвесторлордун ишенимин бекемдемек:

- Украина Кошмо Штаттарындагыдай финансылык чараларды көрө албайт. Украинага сырттан жардам керек. Бул үчүн өлкө бюджетин өзгөртүп, андан соң Валюта корунан жана башка булактардан акча издеши керек.

Латвия менен Украина мурда коммунисттик өлкө болгондуктан, аларга жардам берүүдө Валюта кору кош стандарт мамиле жасап жатат дегендер болушу мүмкүн. Бирок адистер мындай ырастоо негизсиз экендигин белгилешүүдө.

Десмонд Лачман мруда Валюта Корунда 22 жыл иштеген экономист:

Бул өлкөлөрдүн коммунисттик өтмүшү аларга кедерги болуп жатат деп айтпайт элем. Беш манжа тең эмес. Чех, словак жумурияттарынын финансылык байдубалы бекем, алардын кризис менен күрөшүүгө алы жетет. Ал эми Латвиянын финансылык структурасы начар. Бул өлкө чет жактардан өтө көп карыз алып алган, азыр эми карыз табалбай, чайналып калды.

Глобалдык кризистен жапа чеккен өлкөлөргө жардамды көбөйтүү үчүн өткөн жекшембиде Британия, Франция, Германия жана Италия Валюта Корунун ресурстарын эки эсеге көбөйтүп, 500 миллиард долларга жеткирүүнү сунуш этишти.

Холейдин айтымында, эгер мындай кошумча каражат бөлүнө турган болсо, Валюта Корунун карыз берүүсүнө эки өзгөрүү кириши мүмкүн:

Тигил же бул өлкө кордон карыз ала ала тургандардын тизмесине кирсе, алар шарт коюсуз карыз алышмак. Экинчиси жагынан Кордун карыз берүү шарттары ирээтке келмек. Ошондо биз ири масштабдагы реформа маселесин көтөрбөстөн, учурдун көйгөйлөрүн гана чечүү менен алектенмекпиз.

Кордун өкүлү ошондой эле карыз фонду эки эсеге көбөйтүлсө, ишеним маселесинде жылыш болоорун белгиледи:

"Алар карыз алуу зарылчылыгына туш келсе, Валюта Кору жардамга келет деп ишенишмек".

XS
SM
MD
LG