Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

Жалал-Абатта эл бийликке да, оппозицияга да ишенбей калганбы?


Оппозициянын январь айында Таластагы жолугушуулары бир топ ызы-чуу менен коштолду.
Оппозициянын январь айында Таластагы жолугушуулары бир топ ызы-чуу менен коштолду.

Жалал-Абат облусундагы саясий партиялардын өкүлдөрү жазында оппозициянын саясий акцияларды өткөрүүсүнө негиз бар деп эсептешет. Алардын белгилешинче бийлик БЭКтин өткөн жылдын ноябрь айындагы курултайда кабыл алган чечимдерин аткарган жок.

Социал-демократиялык партиянын облустагы төрага орунбасары Нурбек Касымбековдун пикири боюнча оппозициянын жаз айларында саясий иш-чараларды баштоосуна зарылчылык бар. Оппозиция былтыр ноябрь айында өткөргөн курултайында Кыргызстандын саясий жаңы системасынын концепциясын иштеп чыгып, аны аткарууну бийликке сунуш кылган. Анда энергетикалык кризистин алдын алуу, шашылыш менчиктештирилген кирешелүү тармактарды мамлекетке кайтаруу жана менчиктештирүүгө тыюу салуу талаптары коюлуп, ал талаптарды март айына дейре аткаруу мөөнөтү коюлган. Бирок оппозициянын ал талаптары аткарылган жок.

- БЭК март айында саясий акцияларды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мөөнөт бийликке жетишерлик түрдө берилген. Элдин жашоосу оорлоп баратат, энергетикалык кризис болду кыш мезгилинде, бийликтин жай айынан бери эч кандай энергетикалык кризис болбойт, жылуулук ток менен үзгүлтүксүз камсыз болот дегенине карабастан,-деди Нурбек Касымбеков.

Жалал-Абат шаарынын жашоочусу Шухрат Айтиевдин эсебинде оппозиция ишке аша турган реалдуу платформаны, кризистен чыгуунун жол-жоболорун бийлик менен биргелешип иштеп чыгуусу зарыл болчу. Ноябрдан бери жетиштүү убакыт өткөнү менен оппозициянын башында туруктуу башчы жок. Оппозициянын эл ишенимине кирүүсү үчүн калк арасында түшүндүрүү иштери жетишсиз:

- Оппозиция өзүнүн күчүн, биримдүү жана ынтымак экенин көрсөтө алган жок. Мамлекеттеги саясий-экономикалык абалды оңдоо боюнча конкреттүү, реалдуу, түшүнүктүү иш чаралардын программасын сунуштай алган жок. Болгону эле алардын ишин байкап көрсөң, негизги максаты бийликти кетирүү жана бийликке келүү.

“Ата Мекен” партиясынын Майлуу-Суу шаарындагы мүчөсү Рустам Абдувалиев үчүн бийлик кетирген кемчилигин айлана-чөйрөсү президентке билдиреби-жокпу, анысы беймаалым. БЭКтин өкүлдөрүнө кылмыш иштери козголуп, алардын сотко чакырылышы, бийликтин кемчиликтери – жазында саясий иш-чаралардын жаралышын шарттап турат.

Бирок оппозиция саясий акцияларга белсенгени менен аны эл колдойбу-колдобойбу, бул маселе да орчундуу. Анткени ушу тапта коомчулук бийликке да, оппозицияга да ишенбей калган.

Сузак районунун тургуну Зулпукар Кадыркулов саясий акцияларды кубаттаарын жашырбай, бийликтин мүчүлүштүктөрү арбын экендигин, ага мисал катары казынадагы каражаттардын чоң бөлүгү мамлекеттик кызматкерлерге жумшаларын, өлкөдө бири-бирин кайталаган кызматтар көп экендигин айтты. Анын айтымында, финансы кризиси болуп турганда Коомдук Ордо Кеңеши өңдүү уюм комиссия-комиттеттерди түзүү кажетсиз.

- Кырдаал өзгөчө оор болуп атат. Финансы кризиске карабай, биздин бийликте коомдук палата деп атабы, бул жерде элге унуна, көмүрүнө акча жетпей атса, комиссияларды түзүп атат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG