Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Түркмөнстан жумшара баштады, бирок дале эң катаал режимдердин бири


Tүркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен Коргоо министри Агагелди Мамедгелдиев
Tүркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен Коргоо министри Агагелди Мамедгелдиев

Сапармурат Ниязовдун капысынан көз жумушунан кийинки аралыкта Түркмөнстан аз да болсо дүйнөгө ачылып, мурдагы бет чүмбөтүн сыйрууга, эл аралык уюмдар менен иштешүүгө ниети бар экенин билдирүүдө.

Бирок аз-маз жылыштар болгону менен өлкөдө мурдагыдай эле катаал режим өкүм сүрүп келатат. Мындай пикирин батышта баш калка сурап жашап жүргөн Түркмөнстандык дипломат Чари Ишниязов билдирет. Анын ой-пикирлеринин урунтуу жерлери менен кабарчыбыз Илим Жанузаков тааныштырат.

Чет өлкөдө баш калкалап жүргөн түркмөн дипломаты Чари Ишниязовдун айтымында, түркмөнбашы дүйнөдөн өткөндөн кийинки алгачкы бир жылда эч кандай деле өзгөрүү болгон жок. Сапармурат Ниязов дайындаган чиновниктер дале болсо ордуларында калып, бийлигин да байлыгын да сактап турушту. Бирок жаңы президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун бир жылдык башкаруусунан кийин «түркмөнбашы» куруп кеткен катаал режим аз-аздан өзгөрө баштады.

Бердымухаммедов барган сайын Түркмөнстанды обочолонгон саясий турумдан чыгарып, эл аралык уюмдар, мамлекеттер менен кызматташууга, ар кыл долбоорлорго катышууга аракет кылууда. Ч.Ишниязовдун пикиринде, Түркмөнстан Борбор Азиядагы негизги оюнчулардын бирине айланып баратат.

Былтыр Г.Бердымухаммедов Түркмөнстандын баш мыйзамын өзгөртүп, парламентке да анча-мынча ыйгарым укук берген эле. Ошентсе да өлкөдөгү баардык маанилүү чечимдер бир гана президенттин колунда кала берди.

Акырындап Бердымухаммедов Ниязовдун кадрларын да кызматтан алып, акыры мурдагы мыкчыгерлерден экөө гана калды.

Ошентсе да Ч.Ишниязовдун пикиринде, Бердымухаммедов баарыбир дүйнөдөгү эң эле катаал режимдердин биринин башчысы бойдон кала берүүдө жана өлкөдөгү адам укуктарынын абалы абдан эле кейиштүү.

Түркмөнстанда сөз эркиндиги жаатында жылыштар эч байкалган жок. Тескерисинче, Бердымухаммедов президенттикке келгенден кийин цензура кадимкидей мыйзамдашып калган. Азыр бул өлкөдөгү баардык теле жана радиолор, бардык басма сөз мамлекеттин катуу көзөмөлүндө турат.

Түркмөнстандык оппозиционер Нурмухаммед Ханамовдун пикири да Ч.Ишниязовдукуна үндөш:

- Евро парламенттин депутаттарына, расмий адамдарына Түркмөнстанга кирүү үчүн виза бербей келген. Эми абал саал өзгөрүп бараткандай. Бирок чечкиндүү кадамдар байкала элек.

Түркмөнстанда интернет да катуу көзөмөлгө коюлган. Былтыр болсо президент Бердымухаммедов шаардын көркүн бузуп жатат деген шылтоо менен Ашхабаддагы спутниктен тартчу антенна-табактарын алдырууга аракет кылган. Андыктан азыркы президент деле мурдагысынын көп жактарын сактап калды дейт Ч.Ишниязов.

Чари Ишниязов батышта баш калка сурап жашап жүргөн Түркмөнстандын мурдагы дипломаты. Анын “Азаттыкка” айткан ой-пикирлери өзүнө гана таандык жана үналгынын туруму менен дал келбеши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG