Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14

И. Жунусов: Оппозиция түштүктөн колдоо таппайт


Парламенттеги “Ак жол” фракциясынын мүчөлөрү жер-жерлерде эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. Учурда Ош облусунда мындай депутаттык топтун бирин жетектеп жүргөн Ибрагим Жунусов элдин ал-абалы, маанайы тууралуу “Азаттыктын” түз обосунда кеп салып берди.

- Жазгы талаа жумуштары менен жазгы саясий сезон ачылып калган шартта элдин абалы, маанайы кандай экен?

- Биз кечээ эртең менен Кара-Сууга учуп келип эл менен 2 жолугушуу өткөрдүк, бүгүн дагы Кара-Сууда жана Ош шаарында жолугушуулар болот. Кечээ биз өткөргөн жолугшууда зал толтура, элдин маанайы жакшы. Азыркы мага чейинки сүйлөгөн Нарында болгон окуяны уктум радиодон. Элде азыр нааразычылыктар жок, тескерисинче эл ыраазы болуп атат. Айыл жергесиндеги жазгы талаа жумуштары кандай аткарылмакчы деген суроо боюнча катуу талкуу болду элдин ортосунда, АКШ базасы боюнча абдан жакшы сөздөр айтылды, Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы алакаларды, Орусиянын бизге берип аткан бүгүнкү инвестиция жөнүндө талкуулар болуп атат. Элден бир дагы “бекер кылдыңар, кереги жок болчу” деген сөздөрдү уккан жокпуз.

- Демек бийликтин ишин эл оң баалап жатабы?

- Ооба. Биз 10 депутат келип, баардык райондорго бөлүнүп кеттик, мени менен 4 депутат жүрөт, мен аларды жетектеп жүрүп атам. Бийликке карата терс пикирлерди уккан жокмун. Тескерисинче, кечээ өкмөт менен болгон жолугушууда күйүүчү майларды 17 сом 70 тыйындан жер жерлерге жеткирмей болду, буга ыраазы болуп атат. Бирок ошол эле учурда кичине проблемалар бар албетте, сапаттуу үрөндөрдү берсе экен, ошолорду эксек экен деген гана нерселерди айтты. Бирок АКШ базасы боюнча абдан туура иш кылдыңар деп жатышат. Бул база жөнүндө сөз болгондо “Эмне үчүн СДПКнын төрагасы фракциянын атынан базаны кетирбеш керек деп билдирүү жасады, ал эми добуш бергенде эмне үчүн бири эле каршы болуп калды. СДПКдан 11 депутат бар го, эмне үчүн баары тең каршы чыкпады?” - деген суроону коюшту мага.

- Айыл жерлерге электр кубатын берүү жагы кандай болуп жатат экен. Сиз дайыма ушул маселени көтөрүп келесиз?

- Электр кубаты түн ичинде 12ден кийин кадимкидей өчүп атат, ал Бишкекте дагы өчүп атат, аны жакшы билесиздер. Быйылкы кышка президентибиз өткөн кыштан 6 ай мурда эле даярдангыла, кыш суук болот, электр кубаты жакшы болбойт деп айтканына даяр экен эл, даяр болгондуктан быйылкы кышка дагы бир топ жеңилирээк келдик. Ал эми жарыкты өчүрүү боюнча мен парламентте дагы айткам, энергетика кризиси бул айылдарга, райондорго келген кризис эмес, бул жалпы Кыргызстанга келген кризис. Ошондуктан айылдарда жарык кандай өчсө, Бишкекте да ошондой өчүш керек дедим эле. Азыр ошол кармалып атабы деп эл менден сурады, бизде Бишкекте да саат 12ден алтыга чейин свет өчүп атпайбы.

- Оппозиция жазгы акциясына даярдык көрүп жатат, түштүктөн колдоо таба алабы?

- Түштүктөн колдоо таба албайт, мен аны 100 пайыз айта алам. Себеби айтып койбосуңарбы, оппозиция токтотпойбу деп атышат. Акыркы мисалдарды келтирди, кечээ Кара-Сууда Жумабек аксакал деген ажы чыгып сүйлөгөңдө айтты, бир жарым, эки жылдын ичинде митинг, пикеттерден кулагыбыз тынып калды деп. Чындыгында карап көрсөңүз, 2007-жылы апрелде токтогон боюнча митинг, пикеттер болбой, ушул эки жылдын ичинде алга жылуу болуп атат, ага чейин анча жылуу болбосо дагы. Өзүңуз билесиз, республикалык бюджет мурда 17 жарым - 18 миллиард менен жабылган болсо, 2008-жылы 46 миллиард менен жабылып отурат. Булар кайда кетти деген сөз болушу мүмкүн. Өзүңүз карап көрүңүз, мурдагы бийликтин учурунда Кыргызстанда 6 эле жаңы мектеп курулган, ал эми акыркы 4 жылдын ичинде 122 мектеп курулуп атат, анын 20дан ашыгы сентябрда ишке берилди. Калгандары быйыл берилгени турат. Бюджетке түшкөн акчалардын баардыгы ошол жака кетип атат. Мисалы капиталдык салым 8 жарым эсе, соцкоргоо 1,7 эсе, мугалимдерге 2 жарым эсе, саламаттык сактоого 6 эсе өстү. Булардын баары натыйжалуу иштегенден болуп атат.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG