Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:42

Европа биримдиги: Чех президентинин мурчтуу сөзү


Европа биримдигинин эң көрүнүктүү “евросынчысы” катары таанымал Чехиянын президенти Вацлав Клаус өткөн аптада Брюселлде сөз сүйлөп, Европа Биримдигин демократиянын жана рынок экономикасынын идеалдарына бап келбей атканы үчүн сынга алды.

Клаустун калемпирлүү сөздөрү, айткан-дегендери анын өз өлкөсүнүн тышында кыйла талаш жаратты.

Адистердин айтымында, Вацлав Клаустун Европа биримдигине багытталган сөзү негизинен жалпыланган, үстүрт айтылган сын пикирлерден туруп, биримдиктин саясаты, мекемелери жана баалуулуктары тууралуу болду.

Вацлав Клаус Европа парламентин «бюрократиялашкан жана демократиядан четтеп кеткен» деп сынга алды. Ал сүйлөп атканда залдагы депутаттардын бир тобу макул эместиктерин билдирип чыгып кетишти. Анын пикиринде, Европа биримдигиндеги ар бир өлкөнүн шайлоочулары менен Европарламенттин депутаттарынын ортосун өтө чоң аралык бөлүп турат. Бул – аймактык жана саясий жактан алганда да өтө чоң аралык жана Лиссабон келишими бул жараканы кеңейтиши мүмкүн.

Учурда Европа биримдигинде алты айлык мөөнөткө төрагалык кылып турган Чехиянын президентинин сөзү көптөгөн европалыктарды таң калтырды.

Европа парламентинин президенти Ганс Поттеринг чех президентине жооп кылып, ага сөз эркиндиги, чоң трибунадан турап алып каалаганын айта алганы үчүн Европа биримдигине карыз экендигин эсине салды. «Клаус мунун бардыгын, ар ким өз оюн ачык айта ала турган европалык демократияда жашап атканыбыз үчүн гана айта алды»,- деди Ганс Поттеринг.

Ошентсе да Европа биримдигиндеги мамлекет башчылары Клаустун сөзүнө жооп кайтарышпады. Адистердин баамында, негизинен биримдиктеги бир өлкөнүн башчысы экинчисин түз сынга албайт жана андай кадам дипломатиялык жактан туура эмес делет.

Европа биримдигиндеги саясий ишмерлерди “жоопкерчиликтен тайган жана бюрократ” деп сындаган Вацлав Клаус мындай дейт:

- Бул кенемте Европа парламентинин ролун чоңойткон менен толбойт. Андай болгон күндө тескерисинчө көйгөйлөр күчөп, Европа мамлекеттериндеги жарандар менен биримдиктин мекемелеринин ортосундагы жарака кеңейет.

Серепчилердин баамында, чех президентинин мындай жүрүшү батыш европалыктардын деле көңүлүн өзүнө бура алган жок.

Ошентсе да чех президенти Чехиянын Европа биримдигиндеги төрагалыгы маалында өз өкмөтүнүн ишин кайсы бир деңгээлде оорлотуп койду. “Баардыгын чыдап уккандан башка арга жок” дейт чех премьер-министри Мирек Тополанек:

- Сиздер биздин президент баш мыйзам боюнча өкмөттүн атынан эл аралык деңгээлде сүйлөй албасын жакшы билесиздер. Бирок президент Клаус парламенттик деңгээлде өз пикирин айта алат. Мен анын пикирине кошулбашым мүмкүн, бирок анын пикирин айтууга тоскоол болгондор мен жана бул өлкөдөгү бардык демократтар менен эсептешиши керек болот.

XS
SM
MD
LG