Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

27-февраль: Тарых барактары


2005-жылдын бул күнү Кыргызстанда парламенттик шайлоонун биринчи айлампасы өткөн
2005-жылдын бул күнү Кыргызстанда парламенттик шайлоонун биринчи айлампасы өткөн

Кыргыз автономиялык областынын айыл чарба кызматкерлеринин биринчи областтык кеңешмеси 1926-жылдын 27-февралында өткөрүлгөн. Англис физиги Джеймс Чэдвик 1932-жылдын 27-февралында нейтронду ачып, ал үчүн 1935-жылы Нобель сыйлыгына татыктуу болгон. Германдык нацисттер 1932-жылдын 27-февраль күнү Рейхстагды өрттөшкөн.

Жети-Суу Аткаруу комитетинин 1919-жылдын 27-февраль күнкү чечимине ылайык Пишпек шаарында шарап жасоого, ал түгүл алкоголу бар ичимдик колдонууга катуу тыю салынган. Областтык Аткаруу комитети чечимди аткаруудан баш тарткандарды үч ай «жумушчу үйүндө» абакта кармап, болбосо 3 миң рубль айыпка жыга тургандыгын билдирген. Айрыкча, Пишпек шаарында арбын колдонулган нандан чыгарылчу 20 градустук «самосидка» арагын жасап, аны сатууга катуу чара көрүлө тургандыгы белгиленген. Антиалкоголдук чара кийин партиялык жана советтик декреттерде каралып, анын жол-жоболору иштелип чыккан.

Кыргыз автономиялык областынын айыл чарба кызматкерлеринин биринчи областтык кеңешмеси 1926-жылдын 27-февралында өткөрүлгөн. Кеңешме Кыргызстандын чарбалык өнүгүү багытын аныктап, өндүрүш күчтөрүнүн жайгашышына жана анын райондоштуруп бөлүнүшүнө зор салым кошкон.
Мындан туура 81 жыл мурун Кыргызстан аймагында биринчи жолу радио берүү уктурулган. Фрунзе шаарынын Совет жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган динамиктен түш ченде жүздөгөн адам союздук радио программаларды угуп, дүйнөлүк жаңылыктар менен таанышышчу.

Борбор шаарда жашаган поляктар 1944-жылдын 27-февралында Фрунзе шаарында орун алган филорманияга чогулуп, «поляк патриотторунун митингин» өткөрүшкөн. Партиялык көрсөтмөгө ылайык, алар Смоленск алдындагы Катынь токойунда немецтик-фашисттер тарабынан кырылган 11 миң поляк офицерлеринин өлтүрүлүшүн айыптаган резолюция кабыл алышкан.

Бишкек шаардык коммунисттик партия комитетинин жана шаардык кеңештин чечимине ылайык 1991-жылдын 27-февралынан тарта борбор шаардын кечки гезатасы «Вечерний Бишкек» аталышта чыга баштаган. Буга чейин газета 1974-жылдан тарта «Вечерний Фрунзе» ат менен жарык көрүп келген. Газета аталышы борбор шаарга Бишкек тарыхый ысмынын кайтарылышына байланыштуу өзгөртүлгөн.

Кыргызстандагы кезектеги парламенттик шайлоо 2005-жылдын 27-февралында өткөрүлгөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын ушул күнкү маалыматына караганда, шайлоого жалпы шайлоочулардын 57% катышкан.

Автрияда жашаган еврейлер 1670жылдын бул күнү өлкө тышына куулган.

А. И. Герцен 1853-жылдын 27-февралында Лондон шаарында “Эркин орус” типографиясын негиздеген.

Айтылуу Мюнхендик «Бавария» клубу 1900-жылы, Лиссабондук «Бенфика» футболдук клубу 1904-жылдын 27-февралында уюшулган.

Англис физиги Джеймс Чэдвик 1932-жылдын 27-февралында нейтронду ачып, ал үчүн 1935-жылы Нобель сыйлыгына татыктуу болгон.

Германдык нацисттер 1932-жылдын 27-февраль күнү Рейхстагды өрттөшкөн. Нацисттердин провокациясы антифашисттерге багытталып, немецтик компартия куугунтукка алынган. Антифашисттер массалык түрдө камалып баштап, фашисттик өкмөт март айында эбегейсиз бийлик укугун алууга жетишкен.

Профсоюз уюмдары жоюлуп, нацисттик партиядан башка партиялар толугу менен таратылган. Гитлердик бийлик мындан ары да адамзат мамилесине жана демократиялык талаптарга жооп бербеген провакацияларды жасаганы тарыхта катталып калган.

ВКП (б) Борбордук комитетинин 1937-жылдын 27-февраль күнкү Пленумунда Ички иштер наркому Николай Ежов Политбюронун мурдагы мүчөлөлөрү Николай Бухарин менен Алексей Рыковду пратияга каршы кутум уюштурушкан деп айыптаган.

Америкалык поп-ырчы Майкл Джексон «Триллер» аттуу альбому үчүн 1984-жылдын 27-февралында сегиз «Гремми» премиясынг алган.

«Хирургический вестник» журналын негиздеген айтылуу хирург Николай Вельяминов 1855-жылдын 27-февраль күнү жарык дүйнөгө келген.

Атактуу италиялык ырчы Энрико Карузо Италиянын Неаполь шаарында 1873-жылдын 27-февраль күнү көз жарган. Адегенде ал Teatro Nuovo сценасында ырчылык өнөрүн баштап, 1894-жылы Италияны түгөл кыдырып концерт берген. Айтылуу ырчынын Америкадагы ырчылык турнеси маалында машина бузулуп, Карузо жакын арадагы фермага баш баккан. Фермер аны жылуу кабыл алып, колдон келген сыйын көрсөткөн. Коштошконго убакыт жетип, фермер андан ысмын сурайт:

Ырчы, - Менин ысмым Карузо, - деп жооп берет.
Оо, жараткан! Кандай бакыт! - деп кубанган фермер аялына кайрылып, -Карасаң биз кайталап окуган улуу саякатчы Робинзон Карузо өзү келиптир, - деген экен.

Америкалык жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Джон Эрнст Стейнбек 1902-жылдын 27-февраль күнү жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG