Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Евробиримдик кризистен чыгуунун орток жолун табуунун аргасын издөөдө


Жекшембиде (1-мартта) Брюсселде Евробиримдиктин лидерлери чукул жыйынга чогулууда. Алар учурда улам тереңдеген экономикалык кризисти жеңүү чараларын талкуу кылаары алдын-ала белгиленген. Алар улуттук банк тармактарындагы, социалдык системадагы жана баалуу кагаз базарларындагы соңку көйгөйлөрдү талкууга алып, кризистен чыгуунун жолдорун чогуу-чаран иштеп чыгууга далаалаттанмакчы.

Брюсселдеги жыйынга Европанын 27 мүчө өлкөсүнүн лидерлери катышаары алдын-ала жарыяланган.

Өз өлкөлөрүндө күн санап кризиске учурап жаткан өнөр-жай тармагын сырткаркы атаандаштарынан, ал түгүл Биримдикке мүчө болгон өлкөлөрдөгү атаандаштардан сактап калуу үчүн Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөрү өз алдынча бир катар чаралар көрүүдө.

Дүйнөлүк экономикалык кризис барган сайын араанын ачып келет. Байкоочулардын баамында, эгер чукул чаралар көрүлбөсө, Евробиримдик акыркы 20 жылда жетишкен ийгиликтерден кыска убакытта кол жууп калышы ажеп эмес.

Евробиримдиктин лидерлери ушул аптада биримдикке чакырган билдирүүлөрдү байма-бай жасашты. Еврокомиссиянын президенти Жозе Манэл Баррозу 26-февралда жасаган билдирүүсүндө кыска мөөнөткө пайда табуу максатында колдонулган айрым өкмөттөрдүн жергиликтүү тармактар үчүн жөлөкчүл - протекционисттик чаралары жалпы Биримдиктин келечегине кедергесин тийгизерин эскертти.

Еврокомиссиянын басма сөз өкүлү Амадэу Алтафай Тардио бул билдирүүнү Брюсселдеги журналисттерге окуп берди:

- Президент Баррозу жекшембиде жыйында төмөнкү нерселерди белгилеп кеткиси келет: Евробиримдиктин ички базарынын кубаты жана көлөмү – Европа акыркы жылдары жетишкен ийгиликтердин жана бакыбаттыктын негизги булагы болуп келди. Биздин ички базарыбыз өндүрүштү стимулдаштырып, атаандаштыкка туруштук берип келгенин жана дал ушул жагдайлар экономикалык кризисти жеңүүдө негизги эреже катары калышы керектигин Баррозу өз билдирүүсүндө баса белгилейт.

Еврокомиссиянын президентинин эскертүүсү биринчи кезекте Париж, Берлин жана Лондонго багытталган. Франция, Германия жана Британиянын өкмөттөрү кризиске учуруган өндүрүш тармактарына, биринчи кезекте автоунаа өнөр-жайына каржылык жактан чукул колдоо көрсөтүүнү каалашууда.

Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Чехиянын демилгеси менен уюштурулуп жаткан жекшемби күнкү жыйын – бул Биримдиктин кызматташуу аркылуу жалпы кыйынчылыктан чыга алаарын далилдөө мүмкүнчүлүгү, - деп сыпаттады Баррозу мырза.

Жозе Мануэл Баррозу Евробиримдиктин каржы тармагын турукташтырууда башкы көйгөй - насыя берүү агымын калыбына келтирүү экенин белгиледи.

Евробиримдиктин көпчүлүк мамлекеттеринин орток акча бирдиги - евро да соңку каржылык кризистен олуттуу жапа чекти.

Жума күнү (27-февралда) Европанын Кайра куруу жана өнүгүү Банкы, Европанын инвестициялык Банкы жана Дүйнөлүк Банк Чыгыш Европа өлкөлөрүнө 24 жарым миллиард евро каржылык жардам ажыратарын билдиришкен болчу.

Будапеште маалымат жыйынында сүйлөгөн Венгриянын премьер-министри Ференц Дюрчан мурдагы коммунисттик өлкөлөр жайгашкан Чордондук жана Чыгыш Европа бери дегенде 180 миллиард евро каражатка муктаж болуп жатат деп айткан. Дүйнөлүк экономикалык кризистен өзгөчө жабыркаган Венгрия (Мажарстан) жана Латвияга Эл аралык Валюта кору жардам көрсөтүү убадасын берген. Эстония, Литва, Румыния жана Болгария да кризистин сазынан чыга албай сырткы жардамдан көзү катып келүүдө.

1-марттагы Брюсселдеги жыйын экономикалык кризиске арналган алдыда боло турган ири саммиттердин алгачкы карлыгачы.

19-20-март күндөрү Брюсселде кайрадан Евробиримдиктин саммити өтмөкчү, 2-апрелде болсо – өнүккөн ири 20 мамлекеттин саммити Лондондо өтөрү күтүлүүдө, мындан сырткары май айына да Евробиримдиктин кезектеги ири жыйыны белгиленген.

XS
SM
MD
LG