Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:49

Орусияда жергиликтүү башкаруу органдарына шайлоо өтүп жатат


Бүгүн (1-мартта) Орусиянын жер-жерлеринде үч миңден ашуун ар деңгээлдеги шайлоо өтүп жатат. Шайлоого «Бирдиктүү Орусия», Коммунисттер партиясынын, ЛДПР жана «Адилет Орусия» партияларынын мүчөлөрү катышууда. Мындан сырткары бүгүн 18 шаарда мэрлер жана жергиликтүү бийлик органдарынын депутаттары шайланат. Шайлоого 20 миллиондон ашуун добуш берүүчү катышары күтүлүүдө.

Бүгүнкү шайлоого болжол менен алганда ар бешинчи атуул катышууга тийиш экен. Бул туурасында шайлоо комиссиясынан маалымдашты.

Федерация курамындагы Кабардин-Балкар, Карачай-Черкес, Татарстан, Хакас жумурияттарында, ошондой эле Архангельск, Брянск, Владимирск, Волгоградск облустарында, Ненец автономдук округунда аймактык жаңы парламенттерин шайлоо өтүүдө.

Булардан да сырткары Екатеринбург, Новосибирск, Челябинск сыяктуу бир нече ири шаарларда жергиликтүү шайлоолор да өтүп атат. Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Владимир Чуровдун баамында, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүн бүтүндөй өлкөдө добуш берүү менен салыштыруу ылайыктуу.

Шайлоочулардын укугун коргоочу «Добуш» ассоциациясынын жетекчиси Лилия Шибанованын айтымында, өлкөдө саясий атаандаштыктын азайганынан улам Кремл оппозицияны кыйлы кысымга алууда. Мындай жагдайды ал тургай Мамдумага шайланган ЛДПР жана «Адилет Орусия» партиялары да шайлоого даярдык учунда административдик ресурстар колдонулуп, бут тосуулар орун алганын белгилешет.

Бүгүн Москвада түшкө жуук шайлоочулар укугун коргоочу «Добуш» уюмунун жетекчилеринин бири Григорий Мелконянцтын «Азаттыкка» маалымдашынча, маселен, Новосибирск шаарында үгүтчүлөр көчө кыдырып, жаңы шайланчу мэр үчүн добуш беришсе аларга 5-10 пайызга арзандатылган азык-түлүк, дары-дармек, машинеге куюлуучу май үчүн дисконттук карталар бериле тургандыгын айтып чыгышкан:

- 1999 номурлуу бекетте «туура» шайлап чыккандарга ар кыл дүкөн, салон жана башка жайларга арзандатылган талондор таратылууда.

XS
SM
MD
LG