Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:07

“Ала-Тоо ынтымагы” элди ынтымакка чакырат


Өткөн ишембиде “Ала-Тоо ынтымагы” аттуу коом түзүлдү. Бул коомдун төрагасы, мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев мындай коомдун түзүлүш максаты тууралуу “Азаттыктын” түз обосунда кеп салып берди.

- Амангелди мырза, “Ала-Тоо ынтымагы” башкы милдети кандай болмокчу жана ишти эмнеден баштаганы жатасыздар?

- Биринчиден, жер-жерлерде коомдун бөлүмдөрүн түзүүгө аракет кылабыз. Өткөн ишембидеги уюштуруу жыйынына 7 дубандан делегаттар келди, ар кайсы фондулардан, уюмдардан, жергиликтүү ар кандай коомдордон өкүлдөр кирди. Биздин максат - ынтымак идеологиясын элге таратуу.

- Азыр Кыргызстанда ар кандай максат, багытты көздөгөн кыймылдар, коомдор абдан көбөйүп кетти. Айрым эксперттер айтып жатышат, коомчулукта бир топтун кызыкчылыгын көздөгөн ушундай майда-майда кыймыл, коомдор түзүлө бере турган болсо, жалпы мамлекеттик деңгээлдеги иштер жасалбай, тескерисинче бийликтин бекемделишине шарт түзөт деп жатышат. Сиз кандай пикирдесиз, себеби сиз буга чейин дагы түзүлгөн “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылынын төрагасы болбодунуз беле?

- Туура эмес. “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылынын максаты - саясат. Бул болсо саясий максаттары жок коом болуп атат. Негизинен элдин башын бириктирүү максатын көздөйт. Демократия деген демократия, кыргыздар эзелтен бери уруу-уруу болуп бөлүнөт. Бирок кыргыз элинде, кыргыз жеринде бириктирүү максаттары турган. Уруулардын баары биригип, элдин кызыкчылыгын коргогон. Азыркы мезгил оор болуп атат, кризис акыбалында жарандар бөлүнүп атат.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG