Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:23

2-март: Тарых барактары


1992-жылдын бул күнү Кыргызстан БУУнун мүчөлүгүнө кабыл алынган.
1992-жылдын бул күнү Кыргызстан БУУнун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар уюмунун 1992-жылдын 2-март күнкү Генералдык Ассамблеянын 46-сессиясында аталган уюмдун мүчөлүгүнө кабыл алынган. «Tıme» журналынын биринчи саны 1923-жылдын 2-мартында жарык көргөн.

Казакстандагы жуттан качкан адамдар 1932-жылдын бул күндөрү Фрунзе шаарынын Жумушчулар шаарчасы аталган райондон орун ала башташкан. Шаарчанын борборунда «Париж», «Берлин» жана «Нью-Йорк» аталыштагы соода чатырлары орнотулуп, анын айланасына жер которгон казактардын 200 чамалуу алачыктары тигилген. Жумушчулар шаарчасынын азыркы паркы жайгашкан жерге жуттан кырылган адамдар коюлуп, тирилик менен өлүм аралашып, башаламандык өкүм сүргөн. Фрунзе шаардык бийлиги шаарчада тартип орнотуу максатында ар кайсыл «париждердин ордуна» маданий мекемелерди куруп, парк тигүү туурасында чечим кабыл алган.

Кыргызстан аймагын байланыштыра турган Фрунзе-Балыкчы-Нарын-Торугарт-Ош авто жолунун курулушу туурасындагы маалымат 1934-жылдын бул күндөрү коомчулукка маалым болгон. Кыргыз АССР ВКП (б) комитети менен Элдик комиссарлар Кеңешинин биргелешип чыгарган чечиминде улуу жолдун курулушу 1935-жылга бүткөрүлүшү каралган. Анткен менен адегенде белгиленген курулуш багыты өзгөрүп, кийин жол Фрунзе - Кара-Балта – Суусамыр - Ош багыты менен салынган.

Кыргызстандын 1991-жылдын август айындагы эгемендикке жетиши менен совет мезгилинде «беймаалым республика» атыккан өлкө, эми эл аралык мамилелерге катышып, дүйнөлүк алкакта татыктуу ордун тапкан. Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун 1992-жылдын 2-март күнкү Генералдык Ассамблеянын 46-сессиясында Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлүгүнө кабыл алынган. Чечим добуш берүүсү жок, бардык өлкөлөрдүн жактыруусуна ылайык чыгарылып, ушул эле күнү Кыргыз мамлекетинин желеги Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун имаратына салтанат менен көтөрүлгөн.

Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүбек Текебаевдин өз эрки менен кызматтан кетишине байланыштуу парламентте кризисттик абал жаралып, биринчи шайлоо турунда палата спикери шайланбай калган. «Келечек» депутаттык тобу сунуш кылган депутат Марат Султанов 2006-жылдын 2-март күнкү шайлоодо жетиштүү добуш топтоп Жогорку Кеңештин төрагалык кызматына көтөрүлгөн.

Бүгүн ширеңкенин эл аралык күнү. Адам баласы ширеңкенин азыркы технологиясына жетиш үчүн кыйла өнүгүү жолун басып өткөн. Байыркы адамдар отту алыш максатында жыгачты жыгачка сүрүп, же болбосо оттук ташты чагышып ар түркүн түйшүктү башынан кечиргени маалым. Айтылуу химик Бертолле XVIII кылымдын соңунда өрт химиялык реакциянын натыйжасында пайда болоорун далилдеген. Эгерде, талчага хлорноватисталык кычкыл калийди куйса от чыгаары аныкталган. Ошентип дүйнөнүн туш тарабында ширеңке чыгаруу түйшүгү башталат. Акыры Шапсель аттуу адам 1812-жылы өзү күйө турган ширеңкени ойлоп тапкан. Шапселдин ширеңкелери сера менен бертоль тузу жана киновардын кошулмасынан чыккан суяктук талчанын башына тамызылып жасалган. Андан кийин да ширеңкенин күйө турган сапатын өркүндөтүү багытында изденүүлөр токтогон эмес. Биринчи «зыянсыз ширеңкелерди» 1851-жылы шведдик бир тууган Лундстремдер чыгарышкан. Мындан улам фосфорсуз шереңкелер узак убакытка чейин «шведдик» деп аталып келген.

Азыр Белоруссиянын борбору эсептелген Минск шаары 1067-жылдын 2-март күнү негизделген.

Васко да Гама жетектеген эскадра 1498-жылдын 2-мартында Мозамбикке келген.

Франция мамлекети 1791-жылдын 2-март күнү семафор аталган жаңы байланыш системасына өткөн.

Атактуу орус акыны Александр Пушкин 1831-жылдын 2-март күнү Наталья Гончарова менен баш кошкон. Пушкин ал убакта 31 жашка келип, Наталья болсо 18 жашка толуп, эки жаштын үйлөнүү үлпөтү Москва шаарында өткөн. Чоң Никитинскийде орун алган Большое Вознесение чиркөөсүндө үйлөнгөндөр шакек алмаштырышкан маалда Пушкиндин шакеги жерге түшүп, андан соң шам өчкөн. Мындай аяндан акындын кубары качып, «Жаман жышаан, баары бүттү!» деген экен.

«Tıme» журналынын биринчи саны 1923-жылдын 2-мартында жарык көргөн.

Айтылуу «Кинг-Конг» фильминин премьерасы 1933-жылдын 2-март күнү Нью-Йорк шаарында көрсөтүлгөн.

Немецтик фашисттер 1942-жылдын 2-март күнү Минск шаарында 5 миң адамды атышкан.

«Сталиндин оорусуна байланыштуу» 1953-жылдын 2-март күнү Н. Хрущев, Л. Берия, Г. Маленков, Н. Булганиндер «жакынкы дачага» чакырылган.

Француз журналистти Габриэль Анонун сунушу боюнча УЕФА 1954-жылдын 2-мартында европалык чемпиондордун Кубогун өткөрүү туурасында чечим чыгарган.

Социалисттик лагердеги биринчи согуштук жаңжал 1969-жылдын 2-март күнү чыккан. Согуш жаңжалы Даманск аралында орун алган кытайлык чегарачылардын Нижне-Михайловка чегара заставасынын начальниги, улук лейтенант Стрельников менен кошо жети советтик жоокерди атып салуусунан улам башталган. Адистердин айтымында, чатак башаты 1860-жылкы Пекин келишиминен калган келишпестиктерден башат алат. Пекин келишиминде эки өлкөнү бөлгөн чегара тилкеси так көрсөтүлбөй Аму жана Уссири дарыяларындагы аралдар кимге тиешелүү экендиги аныкталган эмес. Кытайлык тарап Даманск аралын өзүнүкү катары эсептеп, аны Чжэнь Дао Бао деп атап келишкен. Советтик аскерлер болсо Даманск аралын Соеттер Союзунун территориясы катары кайтарып келишкен. Согуш жаңжалынын башталышында 32 советтик чегарачылар курман болуп, эки тарап тең согуш аракетине артиллерия, ракета комплекстерин колдонушкан.

Афганистандагы талибдердин бийлиги 2001-жылдын 2-мартында дүйнөлүк маданият үлгүсү эсептелген буддалык эстеликти талкалашкан.

Советтер Союзунун акыркы президенти, СССР компартиясынын генералдык секретары Михаил Сергеевич Горбачев 1931-жылдын 2-март күнү туулган.
XS
SM
MD
LG