Оппозиция лидерлери Хамид Карзайды президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу аракети үчүн айыпташууда. Ишемби, 28-февралда Карзай өлкөнүн көз карандысыз Шайлоо комиссиясынан добуш берүүнү 4 айга эрте өткөрүүнү өтүнгөн. Улуттук фронттун мүчөлөрү жана башка оппозиционердин ири тобу шайлоону апрелде өткөрүү мүмкүн эмес деп талашып чыгышты. Алар өлкөдөгү коопсуздук кырдаалы жана тоолуу аймактардагы аба ырайы өнөктүктү нормалдуу өткөрүүгө жол бербейт деген аргументин келтиришүүдө. Калың кардын айынан жолдор жабык бойдон турат, шайлоочуларга жада калса бюллетендерди таратуу мүмкүн эмес.
Улуттук фронттун маалымат катчысы Саид Фазел Санчараки Карзай өзүнүн саясий карьерасын сактап калуу амалында өлкөнү чукул абалга алып баратат деген оюн айтат:
- Өкмөт шайлоону өткөргүсү келсе, ага бардык шарттар түзүлүүгө тийиш. Бирок, тилекке каршы, Ооган өкмөтүндө андай нийет жок, иш жүзүндө алар өлкөнү шайлоого эмес, чукул кырдаалга алып баратышат.
Азыркы президенттин негизги атаандашы болот деп күтүлгөн мурдагы финансы министри Ашраф Гани Ооганстан Кения же Зимбабвенин кейпин кийип калбасын деп кооптонот. Анын айтымында, аталган африкалык мамлекеттерде баш аламандык мыйзамдар бузулгандан тартып орногон.
Карзай өз кезегинде добуш берүүнү апрелде өткөрүү конституцияга дал келет деп эсептейт. Баш мыйзамга ылайык, шайлоо кызматтагы президенттин мөөнөтү аяктагандан 30-60 күн мурун өткөрүлүшү керек. Карзайдын 5-жылдык мандаты 21-майда соңуна чыгат.
Шайлоо комиссиясы коопсуздук кырдаалы, аба ырайы жана логистикалык шарттардан улам шайлоону 20-августка белгилегенде, оппозиция Карзайдын бийлигин 21-майдан кийин тааныбай турганын айткан.
Президенттин басма сөз катчысы Ахмад Зия Сиямак Карзай эми кыйын абалда калды дейт:
- Улуттук фронт шайлоонун конституцияга ылайык өткөрүлүшүн талап кылып келген. Эми президент добуш берүү баш мыйзамдын 61-беренесине ылайык өткөрүлүшү керек деп чечкенде ал кайра эле сынга туш болду. Улуттук фронт конституциянын аткарлышына да ыраазы эмес.
Өнөктүктү каржылай турган эларалык донорлор шайлоонун августка белгиленишин кубатташкан. Ишембиде АКШнын Мамлекеттик департаменти билдирүү жасап, август шайлоосу "ар бир ооган жаранына коопсуз жагдайда саясий тандоосун билдирүүгө кепилдик берет" деп белгиледи.
Анын үстүнө Ооганстанга кошумча жибериле турган чет өлкөлүк аскерлер апрелге чейин жайгаштырылып бүтпөйт.
Шайлоо комиссиясы ырастагандай, өнөктүктүн жайында өткөрүлүшү козголоңчуларга каршы күрөшүп келаткан жергиликтүү жана эларалык күчтөргө коопсуздук кырдаалын жакшыртууга көбүрөөк убакыт бермекчи. Ошол эле маалда комиссия президенттин арызын карап чыгаарын айтууда.