Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:16

Ирандын бийлиги сын-пикирди көтөрбөйт


Иранда бийликтеги молдолор менен алардын оппоненттеринин ортосундагы теңсиз тиреш тууралуу Эркин Европа/Азаттык радиолорунун директорунун орун басары Аббас Жавади ой жоруйт.

"Шариятта адамдын дини, расасы, жынысы кандай болгон күндө да, анын өмүрүн жана менчигин сыйлоо жобосу бар. Бул сөздөр өмүр бою Ирандын Ком шаарындагы теологиялык семинарияда исламды окуткан шийит динаятчысы Можтехед Шабестариге тийешелүү. Ал "Мактебе Еслам" сыяктуу көптөгөн таанымал китептерди жазган, ал эми өткөн жылы иштен алынганга чейин Тегеран Университетинин дин факультетинде сабак берчү. Аны менен катар президент Махмуд Ахмединежаддын өкмөтү үчүн өтө эле сабырдуу, же өтө эле саясаттан алыс деп саналган көптөгөн башка профессорлор кызматынан ажыраган.

Мына эми өткөн аптада өкмөт көзөмөлдөгөн маалымат каражаттары Шабестариге каршы өнөктүк баштады. Алар "анын Исфаханда сүйлөгөн соңку сөзү исламга акаарат келтирди" деп ырасташты. Өз сөзүндө Шабестари "эгер коомдо кудай, күч жана бийлик биригип кетсе, саясий-диний деспотизм кеңири тамыр жайып, эл катуу азап тартат" деп айткан эле.

Тегерандын имамы жана Билермандар кеңешинин мүчөсү Ахмад Хаттами Шабестаринин бул сөздөрүн "атеизм" деп мүнөздөп, аны Иран Исламдык жумуриятынын байдубалын түзгөн саясий теориянын жоболоруна кастарын тигип жатат" деп күнөөлөдү.

Шабестари бул кинени кат жүзүндө четке какты. Ал "Исламга акаарат келтирди деген айыптоо - бийликтеги консервативдик элитанын июн айындагы президенттик шайлоого даярдыгынын бир чарасы, алардын стратегиясы калпка, айыптоолорго, жеке адамды террорго алууга негизделген" деп жазды.

Иранда бийликтер саясий шийи исламды эл башкаруунун куралы катары пайдаланууга шайкеш келбеген ар нерсени "исламга акаарат келтирүү", "батышка ык тартуу" деп четке кагат. Бирок Шабестари өзүнө каршы чабуулду шайлоо өнөктүгү десе жаңылат. Бийлик элитасынын исламга өзүнүкүнөн башка көз карашты жектөөсү көп жылдардан бери болуп келаткан көрүнүш, бул - Ирандын бийлик системасынын түпнегиз мүнөздөмөсү.

Буга көп мисал келтирсек болот. Алардын бирин эле атасак, өткөн апрел айында өз пикирин айтуудан тартынбаган динаятчы Хади Габел өкмөткө каршы үгүт-насаат жүргүздү деген кине менен 40 айга эркинен ажыратылды.

Шабестариге каршы өнөктүккө байланыштуу Тегерандагы килем дүкөндүн ээси, мусулман динин карманган Саед Бехзад Ахмединежаддын өкмөтү өз репрессиясын шийит же мусулман эместерге гана багыштабагандыгын айтат. "Шийиби, суниби, христианбы, бахаиби, же балким атеистпи, кеп адамдын диний ишениминде эмес, кеп бул режимден жана анын ишинен кымындай эле күмөн санасаң, балееге калаарыңда", - деп айтты ал мага.

XS
SM
MD
LG