Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Ходорковскийдин экинчи иши


Бүгүн Москвада ЮКОСтун экс-президенти Михаил Ходорковский менен “Менатеп” тобунун мурдагы жетекчиси Платон Лебедевге каршы козголгон экинчи кылмыш иши боюнча сот процесси ачылат.

Ходорковский менен Лебедев 2005-жылы кылмыш кодексинин жети статьясы боюнча, анын ичинде ири өлчөмдө салык төлөбөгөнү үчүн күнөөлүү деп табылып, сегиз жылга түрмөгө кесилишкен. Андан бир жылдан соң башкы прокуратура аларга дагы бир кылмыш ишин козгогон. Тергөө иштери өткөн айда аяктап, Москвадагы Хамовнический сотуна өткөрүлгөн.

Мурдагы эки бизнесменге бу жолу 1998-2004-жылдары кызмат абалынан пайдаланып, чоочун мүлктү менчиктеп алышкан, ошонун эсебинен 480 миллиард рубль жана 7,5 миллиард доллар өлчөмүндө акчаны адалдаганга үлгүрүшкөн деген айып коюлду. Эгер сотто мунун баары далилденсе, Ходорковский менен Лебедев ар бири кошумча дагы он беш жылдан түрмөгө кесилишет. Бирок экөө тең бул күнөөнү моюнга алышкан жок.

Оппозициядагы саясатчы, Мамдуманын мурдагы депутаты Владимир Рыжков бу жерде, кыязы, кандай да болсо Ходорковскийди камакта калтыруу максаты турган окшойт деп эсептейт. Эмнеге дегенде жазасынын жарымы бүттү, ал мөөнөтүнөн мурда бошонгону кайталап арыз бере алмак. Ошондон улам аны дагы узак мөөнөткө камакта кармап туруу үчүн саясий чечим кабыл алынган кебетеленет.
Экинчи кылмыш ишин адегенде Чита сотунда карамак болушкан эле. Бирок башкы прокуратуранын талабы менен эки айыпкерди Москвага алып келип, ушу жерде соттоону чечишти.

“Ходорковский менен Лебедевди Москвага которуу фактысынын өзү эле бийликтин тикелей кыйымы терең кризиске кептелгенин көрсөтөт, - дейт Москвадагы улуттук стратегия институнун директору Станислав Белковский. - Кремль, тагыраагы Игор Сечин баш болуп бул процесстин артында тургандар Чита сотуна, жалпы эле региондогу сотторду контролдой аларына ишене беришпейт”.

Ходорковский 2003-жылы камалган, ЮКОС ал кезде Россиядагы эңгезер мунай компаниясына айланып калган эле. Ага атаандаш “Роснефть” компаниясына ошо жылдары азыркы вице-премьер Сечин төрагалык кылып турган. ЮКОСко каршы башталган иштердин баарын көпчүлүк аналитиктер Сечинден жана Путиндин коопсуздук кызматындагы кишилеринен көрүшөт.

Байкоочулар бул жолку сот процесси деле адилет болоруна ишенишпейт.

“Ходорковскийдин соту президент Медведев үчүн биринчи иш, ошондуктан анын соңку кездери эркиндик, соттордун көз карандысыздыгы, жалпы эле укук темасында айткан сөздөрү, коомго ишаара кылган каңкуулары ушул сотто сыналат”,- дейт “Тилектештик” тобунун мүчөсү Александр Осовцев.

XS
SM
MD
LG