Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Ирак АКШ күчтөрүнүн кетишине даярбы?


“Ирактын коопсуздук күчтөрү АКШ аскерлери өлкөдөн кеткенден кийин көзөмөлдү колго алууга даярдыгын далилдеди.” АКШ президенти Барак Обама Ирактагы куралдуу иш-чараларды 18 айдын ичинде токтоторун жарыялагандын эртеси Ирактын премьер-министри Нури аль-Малики ушундай билдирүү жасады.

Аль-Маликинин билдирүүсүндө, АКШнын Ирактагы миссиясы 2010-жылдын августуна чейин толук түрдө өзгөрөрү жана ирактыктардын ага даяр болушу керектиги айтылат. Өз сөзүндө ал Ирактын куралдуу күчтөрү өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоого иш жүзүндө даяр экендигин баса белгилейт. Багдад көчөлөрүндөгү ирактык аскерлердин бири Али Катем да анын пикирине кошулат:

- Биз, мамлекеттик куралдуу полиция коопсуздукту сактаганга, буйруктарды аткарганга чамабыз жетет. Мурда АКШ 2011-жылга чейин аскерлерин алып чыгарын айткан болчу. Эгер алар аскерин азыр алып чыкса да биз коопсуздукту сактай алабыз.

Өткөн апта соңунда Ирактын премьер-министри Аль-Малики АКШ президенти Барак Обама менен телефон аркылуу сүйлөшүп, жергиликтүү козголоңчулар менен чет элдик коркунучтарга каршы туруу үчүн кошумча курал-жарак, аскердик жабдыктарды сурады. Обама болсо 2010-жылдын августуна чейин Ирактагы аскердик иш-чараларды токтоторун жарыялады. Бирок ал 35 000, 50 000 чамалаш америкалык аскерлер коопсуздук жаатында жергиликтүү куралдуу күчтөргө көмөк көрсөтүү үчүн Иракта калтырыларын эскертекен.

Түндүк Каролинага болгон иш-сапары учурунда Обама 2011-аягына чейин бардык АКШ аскерлерин Ирактан чыгарууга убада берди. Багдаддын жашоочусу Аяд АКШ президентинин мындай чечимин кубаттайт:

- Менимче Ирактын куралдуу күчтөрү толук даяр эмес. Алардын даярдыгы 60 пайызга да жетпеши мүмкүн. Бирок Обаманын бул жарыясын албетте Ирактын жашоочулары колдоп, америкалык аскерлердин Ирак жергесинен кетишин күтүшүүдө. Мен келечекте эмне болуп кетерин айта албайм. Андыктан ар нерсени күтсө болот. Мен оптимисттик көз карашта экенимди гана айта алам. Биз - америкалык күчтөр Ирактан кетет деп үмүттөнөбүз.

Обаманын билдирүүсүн Ирактын вице-президенти Тарек аль-Хашеми да колдоду. Бирок ал Вашингтон башында Ирак элинин коопсуздугун камсыз кылууда кол кабыш кылып турууга жоопкерчиликтүү экенин эскертти.

Азыркы тапта Иракта 142 000 чамалуу АКШ аскери бар. Вашингтон билдиргендей 2010-жылдын 31-августуна чейин Ирактан 92 000ден 107 000ге чейин аскер чыгарылат.

XS
SM
MD
LG