Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

БЭК бийлик менен сүйлөшүүнү сунуштады


Оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын өкүлдөрү бул сүйлөшүүдө өлкөдөгү саясий кырдаал, сөз эркиндигин камсыздоо жана саясий куугунтук маселелерин козгошоорун белгилешүүдө.

Президент Курманбек Бакиев оппозиция менен сүйлөшүүгө даярдыгын январь айындагы калкка кайрылуусунда, андан кийин 11-февралдагы маалымат жыйынында билдирген. Бийлик менен оппозиция ортосунда диалогду уюштурууга Турдакун Усубалиев башында турган аксакалдар да аракет жасап, аларды 5-февралда мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу баш болгон бийлик өкүлдөрү кабыл алган.

Эки тараптын сүйлөшүү аракетин ишке ашырууга Бириккен элдик кыймылдын Саясий Кеңешинин 2-марттагы чечими салым кошчудай болуп турат. Ал чечим боюнча бийлик менен сүйлөшүү үчүн Бириккен элдик кыймыл Иса Өмүркулов, Абдыганы Эркебаев, Амангелди Муралиев, Мукар Чолпонбаев, Асанбек Сарыбаев жана Топчубек Тургуналиев кирген топту түздү.

Сүйлөшүүдө ортомчулук кылып берүү өтүнүчү Ишенбай Абдуразаков, Турсунбек Акун, Миталип Мамытов, Омор Нарбеков жана Турсунбек Чыңгышевге жолдонду.

Оппозиция лидерлеринин бири Темир Сариев бийлик менен сүйлөшүүдө карала турган маселелер тууралуу буларды билдирди:

- Кыргызстандагы кырдаал жөнүндө сөз болот. Экинчиси, массалык маалымат каражаттарына көргөзүлүп жаткан куугунтук, “Азаттыкка” жасалып жаткан куугунтук да айтылат. Анын үчүнчүсү, мына ушул оппозициянын башында турган бир топ адамдардын үстүнөн иш козголгон. Алардын баары саясий боек менен. Мына ушулардын тегерегинде сөз болот.

“Ак шумкар “партиясынын лидеринин айтымында, эгерде сүйлөшүүнүн биринчи бөлүгүндө орток пикир табылса, андан кийин президент боло турган жолугушууда коалициялык өкмөт жөнүндө кеп кылса болот.

Бириккен элдик кыймыл диалогго барууга даярдыгын билдирген менен мартка белгиленген акциядан баш тартпай турат. Бул тууралуу БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров билдирди:

- Жок, ага мунун тиешеси жок. Ал белгиленген нерсе. Ал өзүнүн жолу менен кете берет. Марттагы акцияны кайсы күнгө белгилөө кийинки жыйында каралат. Ошону так айтып элге жарыялайбыз. Ал боло турган нерсе.

Президенттин басма сөз кызматынын өкүлү Алмаз Турдумаматов сүйлөшүү тууралуу оппозициянын сунушу президенттик администрацияга келип түшкөнүн билдирди:

- Оппозициянын сүйлөшүү жүргүзүү боюнча сунушу президенттик администрацияга келип түшкөн. Бул маселе азыр каралып жатат. Бул боюнча бүгүнкү күндүн аягына чейин бийлик тарабынан жооп болот .

Бийлик менен оппозициянын сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн саясат таануучу Марс Сариев мындай баалады:

-Менимче, оппозиция да, бийлик да цивилизациялашкан саясатчылар катары азыркы кырдаал курчуп кетерин, андан кийин башкарууга мүмкүн болбогон кырдаал жараларын түшүнүп жатат. Башка чоң оюнчулар кошулуп кетет деген да коркунуч бар. Ошон үчүн Кыргызстандын келечегин ойлоп эле чечели деп жатышат. Биздин саясатчылардын деңгээли азыр өтө бийик. Алар кесипкөйлөр да.

Саясат таанучуунун пикиринде эки тарап коалициялык өкмөт түзүү чечимине келиши ыктымал.

Бул арада “Ак шумкар “ партиясынын Нарын облусундагы кеңсесин облустук милиция тинтүүгө алганын “Кылым шамы” уюмунан кабарлашты.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG