Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

Саясий серепчини бычактап кетишти


"Репортер-Бишкек” гезитинин саясий серепчиси Сыргак Абдылдаевди белгисиз бирөөлөр бычактап кетишти. Кесиптештери бул кол салуу журналисттин түздөн түз кесиптик ишмердигине байланыштуу болду деп белгилеп жатышат.

Кол салуу 3-мартта кечки саат жети ченде болгон. "Репортер-Бишкек” гезитинин кеңсесинен чыгып, үйүнө карай бараткан журналистти Тоголок Молдо-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен төрт адам тосуп чыгып, кол салып, токмоктоп, бир нече жолу бычак урушкан.

Бул окуяга күбө болгон адамдар жаракат алган журналистти дароо эле шаардагы №4 ооруканага жеткиришкен. Медициналык жардам убагында көргөзүлгөндүктөн С. Абдылдаев аман калды.

Бирок кан көп кетип калганына байланыштуу түндө ага кошумча кан куюшту. Азыр деле абалы оор, реанимацияда жатат. Журналист денесине жыйырма бир жолу бычак жеп, эки колу, кабыргалары сынган.

“Репортер-Бишкек ” гезитинин баш редактору Турат Акимов Сыргак Абдылдаевге болгон кол салуу түздөн-түз анын кесиптик ишмердигине байланыштуу болду деп билдирди:

- Бул биздин гезитке жана Сыргактын жеке өзүнө бир эскертүү болуп калды деп ойлоп жатабыз. Башка деле себеп жок, анткени ал чоң эле киши, кутурган жаш бала эмес, же душман издеген кырс жигит эмес.

С. Абдылдаев гезитте саясий серепчи катары саясий окуяларды, бийлик -оппозиция кармашууларын, анын ичинде бейдарек жоголуп кеткен Руслан Шаботоевдин окуясы жөнүндө да жазып жүргөн. “Бийликке каршы материалды деле жазып койчу” ,- дейт Турат Акимов.

XS
SM
MD
LG