Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Күчүн аялынан чыгарган эркектер көбөйдү


Күйөөсүнөн келтек жеген аялдардын көбү минтип көйгөйүн ачык талкуулай алышпайт
Күйөөсүнөн келтек жеген аялдардын көбү минтип көйгөйүн ачык талкуулай алышпайт

Үй-бүлөлөрдө аялдарга зордук көрсөтүү фактылары жыл өткөн сайын көбөйүп баратат. Кыргыз омбудсмени институнунун маалыматына караганда, акыркы төрт жылда 5 000 зомбулук көрсөткөн факты катталды. Аларда жабыркагандардын дээрлик баары аялдар. “Азаттык плюс” апта темасынын (“Аялзат”) алкагында маселеге кеңири кайрылат.

Жашы отузга чамалап калган Мээримге жолдошу бир нече жолу кол көтөрүп, жаагына чаап, көзүн көгөрткөнгө чейин барат. Мээрим үй-бүлөдөгү уруш-талаш көбүнчө кызганычтын айынан келип чыгаарын айтты. Кошуна-колоң, достору менен көбүрөөк сүйлөшүп калган күнү алардын үй-бүлөсүндө сөзсүз чыр чыга турган. “Анын үстүнө кайненем да мага каршы болуп, көбүнчө биздин урушка себепкер болор эле”, - дейт биздин маектеш. Күн алыс көзү көгөрүп, жакшы сөз укпаган Мээрим жаш баласы менен үйдөн чыгып кетүүгө аргасыз болот.

Аялын сабап, колу-бутун чыгарып койгон күйөөлөр 100-200 сом гана айып менен кутулуп кетишет...
“Кол көтөрүп, бетиме чаап жиберген учурлар болгон, бирок, катуу жабыркаган учурум болгон эмес. Айылда күйөөм экөөбүз соттошконго чейин барганбыз. Менин жолдошум өзү кызганчаак, ошонун айынан да көп урушчубуз. Бир жолу үйдө жолдошум экөөбүз калган элек. Достору келип, ичишкен болчу. Алар кеткенден кийин эле “Сен тигилерге күлүп койдуң, сүйлөп койдуң” деп эле мени чаап жиберди. Көзүм шишип, көгөрүп кеткен. Бирок өзү да аны сезбей калды окшойт. Мас убагында да, эртеси да кечирим сураган. Бул кокустан болуп кетти окшойт деп ойлойм. Өзү урбаса керек эле...”

Мээримдин окуясы үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун эң эле жеңил формаларынан десек болчудай. Адатта, үйүндө күйөөсүнөн келтек жеген аялдар чырды ачыкка чыгарууну каалашпайт.

Үй-бүлөдөгү зомбулуктун курмандыктары
Кыргыз аялдарынын үй-бүлөдө зордук-зомбулукка көп кабылып жатышы алар өз укуктарын билбегенинен жана бул жаттагы мыйзам тууралуу маалыматы жоктугунан дешет адистер.

Акыйкатчынын орун басары Мамат Момуновдун айтымында, 2007-жылы ушундай учур менен эки жүздөн ашуун даттануу, арыз кат түшсө, кийинки жылдын сегиз айында эле арыздардын саны 300гө чукулдап барган. “Деген менен дагы да кыргыздын менталитетине, же жолдошунан корккондуктан көптөгөн фактылар ачылбай келе жатат”,-дейт Мамат мырза.

Күйөөм менен эмне болсо дагы жашаганга даярмын, мен аны жакшы көрөм...
“Өлкөдө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселеси өтө орчундуу болуп турат. Бирок, тилекке каршы, биздин менталитет, кыргыз аялдарынын сабырдуудугу ушул маселенин ачылышын чектөөгө алып келүүдө. Анткени, алар өздөрүнүн көргөн зордук-зомбулугун эч жакка чыгарбай өздөрүндө сактап келишет. Ошол себептүү да бул көйгөйдү көп угабыз, бирок факт азыраак. Аялдардын зордук-зомбулукка кабылган учурларынын 80% үй-бүлөдө кездешет. Айрыкча айыл жергесинде аялдар укуктук маалыматтан аксап турушат. Ошондуктан, алардын укугу тууралуу көбүрөөк окутуу зарыл”.

Акыйкатчынын орун басарынын айтымында, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук фактысы көбөйгөнү менен бул багытта атайын арыз берип, укук коргоо органдарына кайрылгандар аз. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакытбек Сейитовдун айтымында, мындай учурлар көбүнчө ата-энелер, туугандар тарабынан эле чечилип келет.

“Урду, укугумду бузду, зордук-зомбулук болду деген атайын арыз менен өтө эле аз кыйрылышат, - дейт Б.Сейитов. - Шаар жеринде гана айрым учурда кайрылышпаса, бирок, анда деле эртеси эки тарап тең келип, арыздарын алып кетип калышат”.

Бүбүсара Рыскулова
Ал эми Кыргызстандагы “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын айтымында, аталган борборго кайрылгандардын жарымынан көбү үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандар. “Бирок, бул багытта мыйзам толук иштебей жатат”, - дейт ал.

“Бизге кайрылгандардын 60-70% - үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылып, ошонун айынан жабыркагандар. Конкреттүү түрдө укугу бузулган аялдарга жардам бере турган уюмдар Кыргызстанда азыраак болуп жатат. Аялдарга көмөктөш болуп, аларга өз укугуңарды тебелетпегиле деп окутуп, үйрөтүш керек. Үй-бүлөдөгү зордук зомбулукка каршы мыйзам деле кабыл алынган, бирок ал жакшы иштебей жатат”.

Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы мыйзам 2003-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, эң жогорку жаза - аялга зордук-зомбулук көрсөткөн эркек беш жылга эркинен ажыратылат. Бирок, бир да эркек мындай жаза менен жоопко тартыла элек. Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева аталган мыйзам кайра иштелип чыгышы керек деген пикирде.

Аялдардын көбү өзүн кантип коргоонун жолдорун билишпейт...
“Бул мыйзамда үй-бүлөдө зордук-зомбулук көргөн аялдарды коргоодо толук негиздер бар, - дейт ал. - Кордук көргөн аялдар кайрылган кезде бул мыйзам иштеш керек. Бирок, тилекке каршы, иштебей жатат. Аялын сабап, колу-бутун чыгарып койгон күйөөлөргө минималдык маянага 100-200 сом төлөгөн пункту бар. Мына ушул биздин эң жогорку жаза. Ошондуктан, биринчи учурда парламентке келген аялдар кордук көрүп, зомбулукка кабылган аялдардын укугун коргоп, бул мыйзамга толуктоолорду киргизүүбүз керек”.

Деген менен Мээрим айыл жеринде үй-бүлөдө уруш-талаштар, көчөдө эки-экиден кубалышып жүргөн учурлар көп болоорун айтып, бирок, эч бир аял күйөөсүнүнүн үстүнөн арыз жазбаганын тастыктады. Биздин маектеш да жолдошунун уруп-соккондорун кечирип, кайрадан чогуу жашоону чечти. Бул анын биринчи жарашып жаткан учуру эмес.

“Күйөөм менен эмне болсо дагы жашаганга даярмын, мен аны жакшы көрөм. Ал жарашкандан кийин мечитке барып, эми эч кимди карабайм деп сөз бересиң деди. Мен макул болдум...”

XS
SM
MD
LG