Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Судан өлкөдөн эл аралык гуманитардык уюмдардын кызматкерлерин чыгарды


Мындай чечим Гаагадагы эл аралык кылмыш соту Судандын президенти Омар аль-Баширди камоого буйрук берген соң кабыл алынды. Судан президенти өлкөнүн Дарфур чөлкөмүндө орун алган аскерий жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн айыпталууда.

Гуманитардык уюмдар алардын Судандагы ишинин токтотулуусу Дарфурдун азык-түлүккө, ичүүчү сууга, турак-жайга өтө муктаж эки миллиондой калкы үчүн гуманитардык кризис жаратуусу мүмкүн экенин белгилешүүдө. Судан өкмөтү өлкөдөн чыгарган он уюмдун арасында Чек арасыз дарыгерлер, Oxfam өңдүү уюмдар да бар.

АКШ жана Еврошаркет Эл аралык соттун Судан президентин камакка алуу боюнча чечимин кубаттады. Судан өкмөт болсо муну четке кагып, аны өлкөнү дестабилдештирүү боюнча "нео-колониалисттик аракет" катары баалады жана сот менен кызматташпай турганын билдирди.

Улуттар уюмунун эсебинде, дээрлик алты жылга созулган жаңжаал учурунда Дарфурда 300 миңдей адам өмүрүнөн айрылды, эки жарым миллиондон ашуун киши үй-жайын таштоого аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG