Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

Эркин сөзгө кол салуу


Сыргак Абдылдаев ооруканада реанимация бөлүмүндө жатат.
Сыргак Абдылдаев ооруканада реанимация бөлүмүндө жатат.

Бүгүн жарык көргөн гезиттер журналист Сыргак Абдылдаевдин өмүрүнө кол салууну эркин сөзгө кол салгандык деп айыптап чыгышты.

“Бийлик тарабынан элге калыс, акыйкат маалымат тараткан журналисттерди, гезиттерди, эфирди кысмактоо иши күч алууда. Сыргак Абдылдаевге болгон кол салуу – республикадагы эркин сөзгө, чындыкты айткандарга сес көрсөтүү, коркутуп-үркүтүү экенин жалпы коомчулук айыптап” жатат. “Аалам” гезити кечээ күнкү окуяны ушундай мүнөздөдү.

Гезит андан ары Кыргызстан Америкалык авиабазаны чыгарабыз деген менен өлкө ичиндеги кырдаалга дыкат көз таштаган адамга президент Курманбек Бакиев жана анын жан-жөкөрлөрү АКШ менен майнаптуураак келишимге үмүт артып турганын байкабай койбойт деп жазды. Ал эми эркин журналист Үсөн Касыбеков “Кризис туйлап олтуруп төбөгө чыкты” деген макаласында: “Кыргызстандын экономикасынын төмөндөгөндөн төмөндөп, эңшерилип кетип баратышына дүйнөлүк экономикалык кризистен тышкары ички жана КМШ факторлору кошумча өболгө түздү. 1-ден Кыргызстан энергетикалык капсалаңга өзү туш болду. 2-ден Орусия менен Казакстанда жүргөн эмгек мигранттары жыл сайын 800 млн. долларга чейин жөнөтүп турчу каражат кескин кыскарды” деп көрсөттү..

“Учур” гезити Сыргак Абдылдаев 96-жылдан бери “Ата Мекен” партиясына мүчө болуп келаткандыгын, аны аталган партия кечээ күнкү тараткан билдирүүсүндө шардана кылганын кабарлады. Журналист иштеген “Репортер – Бишкек” гезитинин уюштуруучусу Султан Каназаровдун айтуусунда буга чейин гезиттин дагы бир кабарчысы Хабира Мажиева өмүрүнө коркунуч туулганда Швециядан башпаанек сурап кетүүгө аргасыз болгон.

Анын божомолу боюнча акыркы кездери Сыргак Абдылдаев дайынсыз жоголгон Руслан Шаботоевге байланашыкан макалаларды жазып келген, демек ага кол салуу Шаботоев менен байланыштуу болушу да ыктымал деген божомолду жокко чыгара албайт. Ушул эле гезит Манас Осмондун “Түндүк-Түштүк жаракасы” деген макаласын сунуш кылды. Бийликтин кадр маселесинин тегерегинде сөз кылган автор: “Кыргыз интеллигенциясы бийликке асылуунун оңой формасы катары Түндүк-Түштүк маселесин көтөргөнгө маш.

Акаев мезгилинде Ош, Жалалабад обулсттарына, ички иштер министрлигине, финансы министрлигине, баш прокуратура жана Бишкек мэрлигине оштук кадрлар коюлган эмес” дейт. Автор андан ары бүгүнкү бийлик айрым кемчиликтеринен улам эмес, ажо Түштүк жергесинен улам болгону үчүн өгөйлөнүп атканын, бирок ошол эле учурда эл-журтка президенттин же аткаруу бийлигинин каяктан болору кызыктырбастыгын, азыр саясатчылар айткандай Бакиевдин саясатына бир эле Түндүк региону эмес Ош, Баткен, Жалалабадда да нааразылыктарын көкүрөгүнө катып жүргөндөр арбын экенин кошумчалайт.

Эл азыр кайда барса “Мамайдын көрү” экенин жакшы билип калды. Ошондуктан саясатчылар от менен ойгогондо ага элди аралаштыргандан сак болгондору оң. Бизде бүгүн бир гана саясат болууга тийиш. Эгер эл башындагы адам: “Коррупция менен күрөшөм, пара албайм, арам акча оозанбайм, уурулук кылбайм, элге тегиз карайм, жалган сүйлөбөйм, өлкөнүн бүтүндүгү үчүн башымды саям деген адам болсо анын ата-жотосун, жерлигин текшербей туруп баш ийүүбүз зарыл. Кыргыз эли бүгүн ушундай улуттук лидерге жетпей туру” деп кортундулайт Манас Осмон макаласын. Ушул эле гезиттеги Бахтияр Шаматовдун “Улан Мелисбек Кыргызстандын интернетине кожоюндук кылгысы келеби?” деген макаласында “Кыргызпатентти” башкарып турган Улан Мелисбектин интернет тармагын цензураны көздөй алып бараткан кадамы тууралуу баяндайт.

“Айат пресс” гезити “Бешик бооңор бек болсун!” деген рубрика алдында президенттин уулу Максим Бакиев кыздуу болгонун, жубайы Айжан экөө кыргыздын каада-салтына ылайык, кызынын 40 күнүн ырымдап, кырк кашык сууга киринткенин, президенттин уулу кээ бирөөлөргө окшоп үйлөнүү тоюн дүңгүрөткүсү келбей жупуну өткөргөнүн, жубайы Айжан Кененбаева кыргыздын катардагы карапайым кызы экенин, түндүктүк болорун белгилеп, “демек Максимдин түштүктүн кулуну болуп туруп түндүктүк кызга баш кошкону анын жүрөгүндө трайбализм сезиминин жоктугун далилдеди окшойт. Бешик бооңор бек болсун!” деп жазды.

Гезит ошону менен бирге эле Энелерди, Кыргызстандын жалпы аялзатын келе жаткан Жаз Майрамы менен куттуктады. Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын “Миңжылкыевди сүйгөнүм чын, ал мени...” деген интервьюсун, төкмө акын Э. Иманалиевдин “Эралиевага эл наамы неге берилбейт?” деген макаласын тартуулады.

XS
SM
MD
LG