Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

АКШ базасын таптакыр кетирүү Бакиевдин оюнда жок


Президент Курманбек Бакиев Би-би-си дүйнөлүк кызматына интервью берип жатып, “Манас” аба майданындагы коалициялык аскерий аба базасын АКШ сактап калууга аракет көрсө эшик ачык деп билдиргени коомчулуктар ар кандай пикир жаратууда. Айрым байкоочулар муну Кыргызстандын эл аралык аброюн түшүргөн бийликтин эки жүздүү саясатынын натыйжасы дешсе, бийликчил саясатчылар болсо муну эл аралык мамилелерде кездешүүчү кадыресе көрүнүш катары карашууда.

Курманбек Бакиев 4-мартта Би-би-си дүйнөлүк кызматына берген маегинде "Манас" аба майданындагы АКШнын аскерий базасына байланыштуу маселе боюнча кошмо штаттардын өкмөтү аракет кылып өз сунуштарын айтса кыргыз бийлиги сүйлөшүүгө даяр экендигин айтты:

-Азыркы учурда сүйлөшүүлөр жүргөн жери жок. Бирок мен айткым келет, эшик ачык жана биз Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу тууралуу АКШнын өкмөтү сунуштай турган бардык варианттарды караганга даярбыз. Бирок кандай түрдө, кандай форматта болот, ал үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүбүз керек.

Президент Курманбек Бакиев "Манастагы" аскердик база боюнча АКШ менен эски келишим жокко чыгарылганын, бул боюнча сүйлөшүү эми мурдагыдай шартта жүргүзүлбөстүгүн белгиледи. Ал ошондой эле "Манас" базасына байланыштуу келишимди денонсациялоо кыргыз бийлигинин өз алдынча алган чечими экендигин, бул маселеге Орусиянын эч кандай тиешеси жоктугун билдирди.

-Чечимди биз өзүбүз кабыл алдык. Ошондуктан муну Орусия менен байланыштырууга болбойт. Шарттын жагдайы ошондой болуп калды. Өкмөт өзүнүн отурумунда бул маселени карап, чечим кабыл алган. Кийинки күнү менин Москвадагы иш сапарым болуп, журналисттер менден “Манастагы аба базасынын тагдыры качан, кандай чечилет” деп сурап калышты. Суроо берилгенден кийин жооп бериш керек да. Эгерде Москвада бул суроо берилбесе мен бул маселе жөнүндө ал жерде жарыялабайт элем. -деди К.Бакиев.

Президент Курманбек Бакиев Москвадагы иш сапарында АКШ базасын чыгаруу чечими кабыл алынганын биринчи жолу 3-февралда жарыялаган. Ошол күнү Орусия Кыргызстанга 300 миллион доллар насыя, 150 миллион доллар грант, Камбар-Ата-1 ГЭСи үчүн 1 миллиард 700 миллион доллар насыя берүү маселесин чечкен. Жергиликтүү серепчилер болсо "Манас" аба базасына байланыштуу маселени Бакиев алгач кыргыз өкмөтүндө же парламентте көтөрүп чыгып, андан соң Москвада жарыяласа жөндүү болмок деген ой толгоолорун айтышкан.

Би-би-си дүйнөлүк кызматынын журналисттеринин суроолоруна президент Курманбек Бакиевдин берген жообун дагы айрым талдоочулар анын тышкы саясатта өзүнүн туруксуздугун көрсөттү деп эсептешүүдө. Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Мирослав Ниязов бийликтин эки жүздүү саясатынан улам Кыргызстандын эл аралык аброю төмөндөп кетти деген көз карашта:

-Кыргызстанда ички дагы саясат, тышкы дагы саясат туруктуу болбой жатпайбы. Кандайдыр бир максаты жок тыякка барып бир урунуп, быякка келип бир урунуп убара болуп атпайбы. Ошондуктан ортодо Кыргызстан эл аралык аброю жоголгон мамлекеттей болуп жатат.

Ниязов белгилегендей Манас аба базасы ордунда эле калышы мүмкүн. “Анда президенттин дагы, парламенттин дагы кабыл алган чечимдери четке кагылып, өздөрүнүн жүзүн жоготот”,-дейт Ниязов.

"Манас" базасы боюнча келишимди денонсациялоону толук колдогон Жогорку Кеңештеги “Ак Жол” фракциясы менен Кыргызстан коммунисттери фракциясы президенттин чечимин абдан туура чечим катары кабыл алып, тез аранын ичинде өлкө аймагынан АКШнын аскерий базасын чыгаруу керек деген маселени көтөрүп жиберишкен эле.

Парламенттеги “Ак жол” фракциясынан депутат Рашид Тагаев президент Курманбек Бакиевдин Би-би-си дүйнөлүк кызматына берген жообундагы билдирүүсүн бир жактуу кароого болбостугун, тышкы саясат дүйнөдө болуп жаткан ар кандай шартка, мезгилге жараша өзгөрүп туруусу зарылдыгын белгиледи.

-Бул жашоо да. Жашоодо бардыгы түп-түз, күзгүдөй болбойт. Өйдө-ылдый деген бар, сол жагы, оң жагы деген бар. Чоң саясатта бүгүн кырдаал өзгөрүп турат. Ошон үчүн эл аралык кырдаалды карап уруп биз дагы кадам жасашыбыз керек.

Маалыматтарга караганда АКШ өкмөтү Манас аба базасын ордунда калтыруунун ар кандай жолдорун караштырууда.

АКШ президенти Барак Обама Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн дагы 17 миң жоокер жөнөтүлөрүн жарыялаган эле.

"Манас" аба майданынан учактар Кабулга эки саатта учуп барып, ай сайын аскерий аба база аркылуу 15 миң жоокерлер жана офицерлер өтүшөт экен. Учурда ал жерде бир миң Американын аскери, Испаниянын 100 жоокери кызмат өтөөдө.

XS
SM
MD
LG