Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Глобалдык кризис миллиардерлердин санын жана байлыгын азайтты


"Форбс" журналынын быйылкы тизмеси миллиардерлердин катары суюлганын көргөздү.
"Форбс" журналынын быйылкы тизмеси миллиардерлердин катары суюлганын көргөздү.

Өткөн бир жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнөдө миллиардерлердин саны азайды. Маселен Орусия миллиардерлеринин дээрлик үчтөн экисин жоготту. Муну америкалык "Форбс" журналынын ушул аптада жарыялаган жаңы рейтинги көргөзүүдө. Эң байлардын тизмесинде кайрадан америкалыктар үстөмдүк кылат. Алар алдыңкы жыйырма орундун онун ээлешти.

2008-жылдын башында дүйнө миллиардерлеринин тизмесинде 1125 адам бар эле. Алардын байлыгы 4,4 триллион долларга бааланган. Ал эми быйылкы тизмеге "Форбс" (Forbes) 793 адамды гана киргизди. Алардын байлыгы эми 2,4 триллион долларга гана бааланууда.

Билл Гейтс миллиардерлердин көч башына кайрадан кайтып келди
Быйыл биринчи орунга "Microsoft" компаниясынын негиздөөчү, байлыгы 40 миллиард долларга бааланган Билл Гейтс чыкты. Экинчи орунду 37 миллиард доллары менен дагы бир америкалык ири ишкер, "Berkshire Hathaway" компаниясынын ээси Уоррен Баффет ээледи. Былтыр Баффет 62 миллиард доллары менен биринчи орунда, Гейтс 58 миллиард доллары менен үчүнчү орунда турган.

Миллиардерлер эң көп жашаган шаар деген макам быйыл Москвадан Нью-Йоркко өттү. Миллиардерлердин колундагы 2,4 триллион каражатын 44%ы америкалыктардын үлүшүнө туура келет. АКШнын каржы борборунда учурда 55 миллиардер бар, экинчи орунда 28 миллиардер менен Лондон, Москва 27 миллиардери менен үчүнчү орунга түштү.

"Форбс" журналы белгилегендей, глобалдык экономикадагы кыйсыпыр каржы чөйрөсүндө башталды. Андыктан байлыгынын кунун миллиардерлердин көбү мына ушул чөйрөдө жоготкону таң калычтуу эмес. Кризис өзгөчө Азия өлөкөлөрү менен Орусиядагы байлардын санын жана дүйнө-мүлкүнүн наркын азайтты. "Форбс" журналынын басып чыгаруучусу жана редактору Стив Форбс мындай дейт:

- Кыймылсыз мүлктүн наркы кетти, табигый ресурстардын наркы кетти. Карасаңыз, Орусияда былтыр 87 миллиардер бар эле, быйыл 32си гана калды. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр өзгөчө жабыр тартты. Түркияда миллиардерлердин саны 35тен 13кө, Индияда 53төн 24кө, Кытайда 42ден 28ке түштү.

Жогорудагы маалыматка кошумчаласак, Чыгыш Европадагы Польшада былтыр алты миллиардер болсо, быйыл бирөө эле калган. Өзгөчө жоготууга учураган миллиардерлер курагы 40тан төмөнкүлөр экен. "Форбстун" тизмесинде андайлардын саны былтыр 50 болсо, быйыл 18 эле калды. Былтыркы эң жаш миллиардер, интернеттеги "Facebook" түйүнүнүн негиздөөчү, 24 жаштагы Марк Цукерберг (Mark Zuckerberg) быйылкы тизмеге кирген жок.

"Форбс" журналынын улук редактору Луис Кроллдун айтымында, былтыр 61 болсо, быйыл дүйнө миллиардерлеринин орточо жашы 64кө чыкты. Ал эми Орусиянын тизмеден шыпырылган 55 миллиардеринин орточо жашы 46 болчу:
Олег Дерипаска -Орусиянын каржы кризисинде эң чоң жоготууга учураган миллиардери.

- Орусиянын алдыңкы ондун катарына кирген, былтыркы эң бай адамы Олег Дерипаска береселеринен кутулуу үчүн бир нече компаниядагы үлүшүн сатты, өкмөттөн акча алууга аргасыз болду. Олигархтар, биздин эсебибизде, азыркыга чейин өкмөттүн корлорунан 11 миллиард доллар алышты.

Орусиянын эң бай адамы катары "Форбс" 43 жаштагы Михаил Прохоровду атайт. Анын мүлкү 9,5 миллиард долларга баалынып, дүйнөлүк тизмеде 40-орунга жайгаштырылган. Ал эми Орусиянын былтыркы эң байы Олег Дерипаска "Форбстун" эсебинде бир жыл ичи байлыгынын 88%нан кол жууду. Былтыр анын мүлкү 28 миллиард долларга бааланса, азыр 3,5 миллиард эле.

Миллиардерлердин тизмесине КМШ өлкөлөрүнөн Орусиядан тышкары Украинанын төрт жараны: Виктор Пинчук ($2,6млрд), Ринат Ахметов ($1,8млрд), Игорь Коломойск ($1,2млрд), Геннадий Боголюбов ($1,1 млрд), Казакстандан экөө: тоо-кен жана металлургиялык компанияларга ээлик кылган Алижан Ибрагимов ($1,2млрд) жана банкир Бакытбек Байсейитов ($1 млрд), киргизилген.

"Форбс" журналынынын рейтингинин көч башындагы 10 миллиардер:

1) Билл Гейтс (William Gates), АКШ – $40 млрд.
2) Уоррен Баффет (Warren Buffet), АКШ – $37 млрд.
3) Карлос Слим (Carlos Slim) , Мексика- $35 млрд.
4) Лоренс Эллисон (Lawrence Ellison), АКШ - $22,5 млрд.
5) Ингвар Кампард (Ingvar Kamprad) , Швеция – $22 млрд.
6) Карл Альбрехт (Karl Albrecht), Германия – $21,5 млрд
7) Мукеш Амбани (Mukesh Ambani), Индия- $19,5 млрд.
8) Лакшми Миттал (Lakshmi Mittal), Индия – $19,3млрд.
9) Тео Альбрехт (Theo Albrecht), Германия –$18,8 млрд.
10) Амансио Ортега (Amancio Ortega), Испания – $18,3 млрд.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG